БАТУКАЕВДИ САЛТАНАТТУУ УЗАТЫШТЫ. БИЙЛИК ДАЛЕ КРИМИНАЛДЫН ЖЕТЕГИНДЕБИ?

«Мыйзамдагы ууру» атыккан Азиз Батукаевдин жаза мөөнөтүн аягына чейин өтөбөй, «2-3 күндүк өмүрү калыптыр» деген шылтоо менен Кыргызстандан шашылыш чыгып кетүүсү резонанстуу окуяга айланды. Ага карабай бул «боткону» бышыргандардын конкреттүү ысымдары ачык айтылбай жатат. Бул ишке жооптуу мекемелер жоопкерчиликти улам башка мекемеге шылтай, кутулам деп жатышат. Уюшкан кылмыштуулук менен коррупцияга каршы айыгышкан күрөш жарыяланган учурда мындай жоруктун жазасыз калып кетүү ыктымалдыгы коомчулуктун жийиркенүүсүн жаратты.
Медиктердин диагнозу боюнча, ичер суусу аз калган Азиз Батукаев жакын арада о дүйнөгө узап кетпесе, аны учакка чейин коштоп барып, салтанаттуу түрдө узаткан Зарылбек Рысалиевдин командасы, сот, акыйкатчы, чек арачылар элден бөтөн боорукердиги үчүн өкүнүп калышары анык.
Абакта өтө оор илдетке кабылып, аз күндүк өмүрү калган көп эле жаран бар. Азиз Батукаев элден өзгөчө жанбы? Жаза аткаруу кызматы, жарандарды паспорт менен камсыз кылуучу Мамлекеттик каттоо кызматы, Саламаттыкты сактоо министрлиги, сот тармагы, Чек ара кызматы... Азиз Батукаевдин Нарында абакта жаткан жеринен бошоп, ошол эле күнү Бишкекке келип, «Манас» аба майданынан Чеченстанды көздөй учуп кетишине мамлекеттик машинанын ушунча кызматы катышыптыр
.

БАНДИТТИК БИОГРАФИЯ
Улуту боюнча чечен Азиз Алашевич Батукаев Чүй облусунун Токмок шаарында 1966-жылы 30-апрелде туулган. Союз кулагандан кийин бүтүндөй постсоветтик мейкиндикти каптаган бандитизмдин «алтын доору» 1990-жылдардын орто ченинде Азиз Батукаев агасы Алаудин менен атагы чыккан рэкеттерге айланышкан. Анын аймактык үлүшү Чүй өрөөнү болуп, талап-тоноо, буюртма өлтүрүүлөр, ишкерлерге «крыша» болуу жана баңгизат сатуу менен алектенген. Ошондой эле Ысык-Көлдүн «кожоюну» Рыспек Акматбаевдин «желдеттери» менен кызыл чеке болуп мушташуудан баштап кинодогудай атышууларга чейин жетип, көпчүлүктүн эсинде калышкан.
1995-жылы ага-ини Батукаевдерге бандитчилик боюнча кылмыш иши козголуп, сот Азиз Батукаевди «Опузалап коркутуу» жана «Акча талап кылуу» беренеси боюнча 5 жылга эркинен ажыраткан.
1999-жылы эркиндикке чыкканда кримчөйрөдө таасир бөлүштүрүү кайрадан башталып, ал чоң кан төгүү менен коштолгон. 2002-жылы анын машинасын белгисиз бирөөлөр аткылашып, жардамчысы набыт болсо, ошол эле жылы Токмокто агасы Алаудинди өлтүрүп кетишкен. Кийинки жылы күйөө баласы Хаважи Заурбековдун көзү тазаланган.
2004-жылы Азиз Батукаев кайрадан камакка алынып, «Мыйзамсыз курал сактоо» жана «Ден соолукка атайылап жеңил залал келтирүү» беренеси боюнча 4 жылга соттолгон. Түрмө деген эле аты болбосо, анын камерасы мыкты шарты бар үйдөн айырмасы жок болгондугу ачыкка чыккан. Килем төшөлгөн, керектүү эмеректер коюлган, атүгүл кире беришинде жан сакчылар туруп, келинчеги жана башка үй кызматкерлери менен чогуу жашаган. Короого жылкы жана эчки кармап, анын сүтүн дарылык үчүн ичип жүрөрү белгилүү болгон эле. Ал тургай короосуна «кооздук үчүн» апийим эгип алган. Өзү да баңгизатын көп колдонорун айтып келишет.
2005-жылы бийлик алмашканда жаза аткаруу системиндеги коррупцияны жоюуга аракеттер болгон. Ошол маалда Рыспек Акматбаевдин бир тууганы, ЖКнын депутаты Тынычбек Акматбаев Батукаев кармалган Молдовановка айылындагы колонияга абал менен таанышууга барган. Анын келгени үчүн Батукаев баштаган абактагылар бунт чыгарышып, Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев, анын жардамчысы менен эксперт, Жаза аткаруу башкармасынын башчысы Икматулло Полотов жырткычтык менен өлтүрүлгөн. Өлтүрүп эле тим болбостон, Батукаев баштаган абактагы топ депутаттын жана башкалардын сөөгүн «Феликс Кулов келмейинче бербейбиз» деп шарт коюп, опертопту киргизбей коюшкан. Ошол кезде Феликс Кулов өкмөт башчы эле. Аны менен Азиз Батукаевдин күмөндүү байланышы боюнча түрдүү жоромолдор ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин айтылып келет. Өткөн аптада болгон окуя аны кайрадан күчөттү. Ошентип, эл өкүлүн өзү отурган зонага «уруксатсыз» келгени үчүн гана өлтүртүп салган адамды соттор, Жаза аткаруу кызматы опоңой кечирип, коё беришти.
Инисинин өлүмүнөн кийин Рыспек Акматбаев Бишкектеги борбордук аянтка өз тарапташтарын алып чыгып, Батукаев менен байланышы бар премьер-министр Феликс Куловдун кызматтан кетүүсүн талап кылган.
Азиз Батукаев бул кандуу окуядан кийин курал жана баңгизатты мыйзамсыз сактоо, массалык баш аламандык уюштуруу боюнча айыпталып, 2006-жылдын августунда 16 жыл 8 ай 15 күнгө эркинен ажыратылган. 2009-жылы ички тартипти бузгандыгы үчүн мөөнөтүнө дагы 2 жыл кошулуп, Нарындагы №4-тергөө изоляторуна жөнөтүлгөн.

АТАМБАЕВДИ УЯТ КЫЛЫШТЫ
Маалыматтарга караганда, бир жыл мурун эле Батукаевди бошотуу үчүн тымызын келишим түзүлүп,1,5 миллион доллар сунушталган.
Расмий түрдө болсо, Нарындагы №4-тергөө изоляторунун жетекчисинин орун басары Т.Абылгазиевдин сунушу менен Нарын шаарынын соту Ж.Эрматов 16 жылга эркиндигинен ажыратылып соттолгон Азиз Батукаевди 8 жылдык өтөлө элек жаза мөөнөтүнөн бошотуу чечимин чыгарган. Судья Батукаевдин оор илдетке кабылганын негиз тутуптур. Бирок бошотууну суранып жаткан айыпкердин кылмышынын оор-жеңилине кароо керек деген мыйзам талабын көңүлдөн тыш калтырыптыр.
А.Асанов, Д.Бегалиев, С.Узакбаев, К.Бектемиров жана тергөө изоляторунун дарыгери М.Кайкиевадан турган атайын медициналык комиссия «Батукаев ак кан жана боордун циррозуна чалдыккан» деген корутунду чыгарган. Дал ушул корутундунун негизинде 9-апрель күнү Батукаев бошотулуп, Жаза аткаруу кызматы, Акыйкатчы институтунун өкүлдөрүнүн коштоосунда «Манас» аэропортуна чейин келип, Бишкек-Грозный чартердик каттамы менен Кыргызстандан учуп кеткен.
Айтмакчы, анын бошогон учурунан тартылган видео интернетке жайылып кетти. Андан Батукаевди абактан алып чыккан унаалардын биринен Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиевди көрүүгө болот.
Паспортко келсек, мында да күмөндүү иштер байкалат. Паспорт басып чыгаруучу «Интел Линкс» ЖЧКсынын жетекчилиги Батукаевдин ысымына эч кандай документ жасабаганын айтып чыгышса, Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Эрлан Сапарбаев жаза аткаруу мекемелериндеги жазасын өтөп жаткандарга ID-карттар берилерин билдирди. Азиз Батукаевден паспорт алуу боюнча арыз ушул жылдын 4-мартында эле келип түшкөн жана 28-мартта анын ысымына даярдалган паспорт жөнөтүлгөн.
Немистик тактыкта иштелген Азиз Батукаевдин түрмөдөн чыгуусу алдын ала даярдалган атайын операция экени көрүнүп турат. Укук коргоо органдарынын жасаган бул ишинен депутаттардын аутта калып кеткени кызыгуу жаратат.
Бул окуянын учурда УКМКнын абагында жаткан Камчы Көлбаевге тишеси барбы? Чын эле эки кочкордун башы бир казанда кайнабай жаттыбы? Бийлик кайра эле кримдүйнө менен эсептешип, алардын кызматынан пайдаланып жатабы? Азиз Батукаевди тезинен бошотуп, Кыргызстандан чыгарып жиберүү фактысы боюнча тиешелүү кызматкерлер жазаланабы же Ахматбек Бакиев, Оксана Малеваная качкандагыдай болуп эч бири жазасыз кала беришеби? Баарынан да Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган Бишкекке конгон күнү ошол эле аэропорттон «мыйзамдагы уурунун» учуп кетиши президентти уятка калтырган иш болду. Балким, Эрдоган көңүл борборунда болуп, Батукаевдин тымызын чыгып кетиши көз жаздымда калат дештиби?
Сиз кандай ойдосуз, окурман, пикиринизди www.super.kg дарегине калтырыңыз.

Эльвира Караева
koom@super.kg

«Супердин» сурак бурчу
БАТУКАЕВДИН АБАКТАН БОШОП, КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙМАГЫНАН ШАШЫЛЫШ ЧЫГЫП КЕТҮҮСҮН КАНДАЙ КАБЫЛ АЛДЫҢЫЗ?

Дастан Бекешев, ЖКнын депутаты:
– «Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевди бошотууда алдын ала сүйлөшүүлөр болуп, тийиштүү адамдарга көп суммадагы акча берилген. Менимче, ушундай. Себеби окуя башынан аягына чейин ырааты менен уланып жатпайбы. Соттун чечимди дароо чыгарып бергени, ЖАМКнын кызматкерлери аны Нарындан Бишкекке коштоп келишкени, сыртка алып кете турган учагынын даяр болуп калышы... Батукаевдин окуясына кримавторитет Камчы Көлбаевдин тиешеси бар деген да божомол айтылып жатат.

Артур Медетбеков, УКМКнын мурдагы кызматкери:
– «Мыйзамдагы уурунун» мөөнөтүнөн мурда бошотулушу жана Кыргызстандан шашылыш чыгып кетүүсү өзүнө чоң сырды камтып турат. Буга укук коргоо кызматкерлери менен сот системинин коррупцияга батып калганы себеп. Эмне үчүн түрмөдө отуруп ооруп, аз жашоосу калган башкалар чыкпайт да, ушул Батукаев чыгып кетиши керек? Ошондой эле бул окуя криминалдык топторго кайрадан таасир берет. Бир гана айтарым, бийлик канчалык уюшкан кылмыштуулук менен күрөшкөн сайын алар кайра айбат көрсөтүп, өзүнүн бийликтен кыйын экендигин көрсөтүп койду.

Анарбек Калматов, ЖКнын депутаты:
– Бул окуя көптөгөн ойлорду жаратууда. Эң кызыгы – сот болору менен чечимдин да ошол замат чыгып, Батукаевдин колуна тийип калганы. Ошондой эле чартердик каттамдын Бишкекте пайда болушу да бүдөмүк ой туудурат. Жогорку Кеңештин жыйынында «Манас» аэропортунун башчысына суроо берсем, мурда чартердик каттамдар болбогонун айтты. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу чартердик каттам болуптур. Ошол себептен парламенттик комиссия түздүк, эмне себептен, кантип кеткенин ошол комиссия изилдеп чыгат.

Токтогул Какчекеев, серепчи:
– Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетиши азыркы мыйзамдарга байланыштуу. Депутаттар эртеңки күнү өздөрүнө залакасы тийбегидей кылып мыйзам чыгарып жатышат. Мыйзамда «эки тарап келишип алды» же «мыйзам күчүн жоготту» деген түшүнүктөр да бар. Бул туура эмес. Ушундай чаржайыт көрүнүштөн кылмышкер бошотулуп отурат. Экинчи себеби: эгерде Батукаев бир-эки күн кармалып калганда коомчулукта нааразычылык жаралып, аны кайра түрмөгө отургузуп коюшу толук мүмкүн эле. Ошондуктан шашылыш чыгып кетти деп ойлойм.

Токон Мамытов, Чек ара кызматынын төрагасы:
– Батукаевдин түрмөдөн бошотулушуна, өлкөдөн чыгып кетишине Нарын шаардык соту, ЖАМК жооп бериши керек. Биз Нарын шаардык сотунун чечими, Саламаттыкты сактоо министрлигинин аныктамасы менен, ошондой эле УКМК, ИИМ менен макулдашып гана чек арадан өткөрдүк. Ал эми өлкөдөн шашылыш чыгып кетүүсү, балким, чын эле ден соолугунун начарлашына байланыштуу болушу мүмкүн.

Ширин Жумадилова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
kaniet
2013-04-22 12:21:49
Ушуну окуп алып ойлонуп жатам, чынбы жалган маалыматпы, ушул боюнча ким кабардар?
0
angeluma
2013-04-22 14:35:13
Бийлик чыгарган башка кимдин дагы колунан келет элдинби? дыйкандынбы? чондор элди алдайм деп ойлойсунар просто озунорду алдап жатасынар бул ишинер, элге кылган арам мамиленер учун Кудай алдында да Эл алдында да жооп бересинер ал кун алыс эмес.
0
samat-91
2013-04-22 15:05:49
улуту чечен экен камабай туруп эле олтуруп салышпайбы.
0
aigulai
2013-04-22 15:37:56
Бул демократиянын бир туру болсо керек, турмо башчысы, сот президенттен, мыйзамдан корпой туруп мыйзамдагы урууну башка мамлекетке учуруп жиберген. Кыйкырганда не пайда, жоо кеткенден кийин кылычынды бир нерсеге чап дейт го. Эми Батукаев кйра кайтып келбейт го, чын эле оору болсо, байкуш неме оз мекенине барып олойун деген го, туулган жеринин топурагы тартып
0
abu_kg
2013-04-22 20:25:24
бул куч органдарын акчага сатылгандыгы жана да мамлекеттин алсыздыгы.
0
antivir
2013-04-23 05:30:39
ушундан коро эл учун иштеген уч депутатты бошотсонор!
0
sagun
2013-04-23 18:30:04
antivir, алар да кылмышкерлер.дайыма кылмыштуу топтор менен журушот.и тиги турмого отурушту алар, аларга статия ачылды.демек, алар уже кылмыш дуйносу менен аралашты. эми аларды такыр бийликке жолотпош керек
0
sagun
2013-04-23 18:28:13
тиги суротто, турмодо тушкон учурбу же волядагыбы? негизи кесилген адамдар такыр бийликке келбеши керек эле.алар менен кошо бийликке кылмышкерлер келет. А атамбаев аларды тазалай албай убара
0
_xXx_
2013-04-24 02:48:06
бул болгону мамлекетибиз паракорлука белчеден эмес башынан ылдый батып кеткендигин жана алсыздыгын коргозуп турат! Или тиги Коля кыргыздан качты! Ай тушунбойсун азыр, бийлик, криминал, корупция! Ортодо элге эле жаман болду!
0
Begibai
2013-04-24 21:56:15
Акмакчыллык
0
Takesha87
2013-04-25 15:51:42
Биздин чиновниктердин акча учун баардыгына даяр экендигине дагы бир далил кылышты. Депутаттык комиссия тузушуптур сыягы, бул баягы убактылуу эле элди тынчттандыруу, алаксытуу. Болбосо ал комиссияга акча берсен сен каалаган жыйынтык чыгарып беруулору эч кумонсуз. Акмактар силерге эл ишенбей калды. Биздин мамлекеттин чиновниктери учун Кыргыз Республикасы деген мамлекет жакынкы арада жок болот, бир мамлекет учун, келечек учун куйгон чиновник барбы!!!! Боорун ооруйт биздин Кыргызстанга, айла жок!!!
0
Takesha87
2013-04-25 15:58:50
Ф.Кулов кайсы бети менен депутат? Мамлекеттин мулккун саткандагы мезгилди унутуп калабы? Так и так эле биздин армиянын техникалары эски, даже жетишпейт. Булардын баардыгына азыр жооп бербегенге кучун жетсе, кудайдын алдында эч жака кутула албайсын!!!Ар бир кылган ишинерге отчет бергендей болгула!!! Хотябы, эми эсинерге келип каталарынарды ондогулачы бай болгурлар, эл учун болбосо дагы озунор учун!!!
0
Kg.lady
2013-04-26 17:26:53
Бийлигин менен жерге кир,бийликтегилердин бети бет эмес эшектин чарымы болуп калдыго,Учака салып узатып коюп,тоо кордунбу жок,бээ кордунбу жок деп ийин куушурушат калпеле ,
0
nasik198
2013-04-27 12:01:35
Дааа.соз жок. биздин эл ишенген азаматтардын кылганы бул болсо калганы кайда барат.ишенгеним сен болсон э атандын оозун урайын .акча десе апасын,алтын берсе атасын,байлык берсе баласын сатканга даяр биздин азаматтар.балык башынан сасыйт деген ушул да. Коросунор батукаев коп жашайт али.кунумдукту эмес туболуктуулукту ойлогулачы,эл учун ким куйот.абийир соту кечирбесе керек силерди.
0
neo03
2013-04-28 16:07:46
munu turmodo chiritish kerek bolchu.jalgyz Aida Salyanova emne kyla almak ele,baaryn ele ushul aiymga shyltai bergenge bolboit da.
0
neo03
2013-04-28 16:11:26
Emi Tashievderdi boshotup iyishpese boldu.Alarga 1,5jyl oto ele azdyk kylat
0
№ 546, 19-25-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан