Атактуу спортчу Александр Воиновдун жана телеалпаруучу Ассоль Молдокматованын уулу Жан Воинов жаш болсо да өзүнүн жетишкендиктери менен бий күйөрмандарын кубантып келет. Дене тилинде сүйлөгөн бул жигитти биз эне тилинде сөзгө тарттык.
Толук аты-жөнү – Воинов Жан Александрович
Туулган күнү, жылы – 11-август, 1996-жыл
Бою – 166 см
Салмагы – 51 кг
Жетишкендиктери – «Жаңы бий сеансы-2011», «Көчө ыргактарынын өнөрпозу-2011» (Казакстан), 2012-жылы Лос-Анжелесте өткөн Дүйнөлүк бий сынагынын жана башка көптөгөн бий сынактарынын жеңүүчүсү
– Жан, айтсаң, атактуу адамдардын уулу болуу кандай?
– Мен эч кимге ата-энемдин ким экенин айтпайм. Айрым досторум да кимдин баласы экенимди билишпейт. Ата-энемдин атактуулугу менин жашоомо таасирин тийгизбейт.
– Бий дүйнөсүнө аралашып калышыңа ким же эмне түрткү болду?
– Көп нерселерге кызыгып, футбол жана кикбокс менен алектенип көрдүм. Бир кезде «Let’s dance» тобунун бийлегенине таасирленип, бийге кызыгып баштагам. Алгач көргөн кыймылдарды туурап, кийин ошол топто сабак алдым.
– Бийлегенден башка эмнеге кызыгасың?
– Эч нерсеге. Себеби бий – менин жашоом, бийлеп акча табам, жашайм, ырахат алам. Кээде таң атып калгыча машыккан учурлар болот. Анан үргүлөп мектепке кетем. Канчалык түйшүктүү болсо да, бий – менин жан дүйнөмдү чагылдырып туруучу күзгү.
– Сынактарга катышам деп сабактан кыйналбай элесиңби?
– Сабактан көп калам, бирок мен окуган мектептин жамааты мени түшүнөт, колдоп турат. Фестивалдарга катышканда уруксат беришет. Аларга ыраазымын. Сынактан келгенден кийин жетишип алам. Менин оюмча, адам талантына карай жашашы керек. Макул, мен азыр окуюн дейин, мектепти алтын медаль менен бүтөм. Анан ЖОЖго тапшырам, аны да жакшы бүтөм дейли, жакшы маяналуу жумушка орношом. Бирок мен жашоомдогу чыгармачылык убактымды өткөрүп жиберем, чынбы? Өзүмө андай кызыксыз жашоону каалабайм, буюрса, кыймылдай албай калгыча бийлейм. Себеби дене кыймылы аркылуу мен дем алам.
– «Жылдыз оорусуна» чалдыгышың мүмкүнбү?
– Жок, жылдыз болуп мурдумду асманга көтөрүп, обу жоктонгум келбейт. Канчалаган белгилүү адамдар менен достоштум. Голливуд жылдыздары эңсеген сахналарда бийледим, бирок мен ошол эле Жанмын. Бир жолу студияга маршруткада келгенимди күйөрман кыз көрүп аябай таң калган. «Маршруткага түшөсүңбү?» деп. Мага ыңгайлуу болсо, эмнеге түшпөшүм керек? Азыр бир-эки ыр жаздырып, Спорт Ордосунда ырдап койсо эле айрымдар жылдыз болуп чыга келишет. Менин
оюмча, «жылдыз оорусуна» адамдык деңгээли төмөн адамдар чалдыгышат.
– Апаңдын жашоосунда жаңы адам пайда болбодубу. Кызганбай элесиңби?
– Эмнеге кызганмак элем? Мен үчүн апамдын жылмайып туруусу кымбат. Азыр анын жан дүйнөсү бакытка балкып турган кези. Жанында жакшы адам бар. Алмаз апамды бактылуу кыла алат деп ишенем.
– Атаң менен бат-бат эле көрүшүп турасыңбы?
– Ооба, албетте, күн сайын.
– Кел, сөздү өзүңдүн жеке жашооңо буралы. Сени кандай кыздар кызыктырат?
– Мен үчүн кыздын тарбиясы, өзүн алып жүрүүсү маанилүү, келбети кызыктырбайт. Мен жандай турган кыз атактуулугума эмес, адамдык сапатыма байланышы керек. Мурунку сүйлөшкөнүм 19 жаштагы казак кызы эле. Бирок колум бошобой, ага көңүл бура албай калгандыгымдан мамилебиз үзүлгөн. Ал кыз экөөбүз эски тааныштардан элек. Менин атым чыга электе, жөнөкөй Жан убагымда таанычу.
– Демек, сен үчүн жаштагы айырма маанилүү эмес?..
– Ошондой десем болот. Адамдын жашы эч нерсени чечпейт да, эки адам бирин-бири түшүнүп, дүйнө таануусу дал келсе, эмнеге бирге боло алышпайт?
– Күйөрмандарың аша чапкан учурлар болобу?
– Ооба, күйөрман кыздар чалып, «сенден боюмда бар» деп коркутушат. Айла жоктон күлүп гана тим болом.
– Маегиңе рахмат!
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg