Аваз Акимовдун агасы Кыялбек:«ЭРКЕКЧЕ СЫР САКТАШАБЫЗ»

Бул жолку биздин маек топ кыздардан «Айганышты» тандаган, бирок сүйүү деңизинде башка кыз менен калкыган ырчы Аваз Акимовдун бир тууган агасы Кыялбек Калиев менен болду. Агасы ырчынын биз билбеген кыял-жоруктарын айтып берди.

БИР ТУУГАН АКИМОВДОР

  • Кыялбек, 30 жашта, жеке ишкер
  • Нургүл, 28 жашта, жеке ишкер
  • Аваз, 23 жашта, ырчы
  • Барчынбек, 19 жашта, студент

«АККОРДЕОНДУН АРТЫНАН КӨРҮНБӨЙ КАЛСА ДА ОЙНОЧУ»
– Аваз биз менен 5-класска чейин чогуу жашады. Көп убакыт бирге болбосок да, инимдин кыял-жоруктарынын баарын билип бүткөм. Тентектиги элде жок, арык, кичинекей бала болчу. Бир орунда турбаганын айтпа. Бир жумушту дайындап, такыр ыраазы болчу эмеспиз. Сууга жиберсек да алып келатып оюнкарактыгынан улам жарым жолдон ойноп кетип калат. Анан чаканы өзүбүз барып алып келебиз. Үйгө тамактануу үчүн эле келбесе, башка учурда айылды алты кыдырып жүрө берчү. «Мен кеттим» же «келдим» деп айтмай жок.
Жаштайынан ак кол болуп чоңойду. Жанына чаң жугузбаган, кара жумушту такыр жасабаган жан. Үйдө жумуш башталды дегиче эптеп урушуп, таарынып кетип калуунун айласын издечү. Бирок агалык кылып катуу айткан жокмун, өзүнүн ою менен болуп чоңойду.
Аваз: – Байкем айылдын «красавчиги» болчу, кечке жуук кыздарга жөнөгөндө балмуздак саткан жерде күтүп турар элем. Ээрчип алышымды билет да, анан балмуздак алып берип, алдап үйгө жөнөтөт. Минтип көп жолу «рэкет» болгонум эсимде.
Кыялбек: – Куусам да болбой ээрчий берчү. Анан айлам кетип балмуздак менен кутулчумун. Ошентип жүрүп эле ырчы болуп чыга келди. Атам музыкага жакын адам, бирок бир да аспапта ойной албайт. Эсимде, атам Аваз экөөбүзгө аккордеон алып берген. Мен бир аз үйрөнүмүш болдум. Бирок шыгым жок экен, таштап салдым. Мотурайган Аваз ошол аккордеондон башы көрүнбөй калса да, мектепте майрамдарда ырдап жүрчү. Көрсө, ошол кезде эле бешенесине ырчылык тагдыр жазылган экен да.

«МАГА КАРАГАНДА АТА-ЭНЕМЕ КӨП КАМ КӨРӨТ»
 – Үйдүн улуусу болгондуктан,  иниме акыл-насаат айтып турам. Бирок акчаны сарамжалдуу колдонууну такыр үйрөтө албай койдум. Тапкан акчасынын баарын тез коротуштун айласын табат. Иним Сыймык Бейшекеев менен кеткенине аябай сыймыктанам. Бирок «айдап кел, байлап кел» дээр эч ким жок бир топ кыйналганбыз. Ушунча жыл жашап, өз баласындай болуп калды. Адамдын тилин таап, бир үйгө батып жашаш кандай кыйын. Жакшы адам гана ошенте алат. Демек, инимдин колунан бул иш келди. Сыймык байкенин артынан эл адамы болуп отурат. Эки атасы, эки апасы болгону менен, мага караганда ата-энебизге көбүнчө Аваз каралашат. Мактоону экөөбүз бирдей угабыз. Айылдан качпайт, бат-бат барып турат.

«ИШЕНЧЭЭКТИГИ ЖАНГА ТИЕТ»
– Жакшы сапаттары абдан көп: ак көңүл, боорукер, тазалыкты сүйгөн жигит. Аябай «нежный» бала (күлүп). Ошондуктан өтө деле аша чаап урушпайм. Чыгармачыл адамдар жумшак келишет эмеспи, мындан улам көңүлүн оорутуп алыштан корком. Учурда кичүү иним менен чогуу турушат. Менден коркушабы билбедим, качан келсең үйү таза. Тамакты деле өздөрү жасап коюшат.
Аваз: – Колумдан келсе баарын жасай берем. Бирок камыр жуурушту такыр эптей албай койдум. Таштай катуу болуп калат, айла жок ыргытып жиберген учурлар болгон.
Кыялбек: – Ишенчээктиги жакпайт, жүрөгүндө кири жок бала. Баарын өзүндөй ойлойт окшойт, алданып эле басып жүрөт. Көп учурда шашмалыгынан да жиниме тийип алат.

«МАШИНАМДА АВАЗДЫН БИР ДА ДИСКИ ЖОК ЭКЕН»
– Өзүм кыргызча ырларды анча укпайм. Айрым учурларда гана «баа берип коюңуз» деп Аваз жаңы жаздырган ырларын коюп калат. Жагып калса мактайм, эгер жакпаса «жарабайт» деп айтам. Инимдин чыгармачылыгын сыйлайм, бирок күйөрманы эмесмин. Муну менен «Аваз ырдай албайт» же «ырлары жагымсыз» деп айткым келбейт. Менин табитимдеги музыка – шансон. Мага караганда кичүү иним ар бир жаңылыгын байкап, ырларын сүйүп угат. А мен Кыргызстанга келгенде гана «Аваздын жаңы ыры чыгыптыр» деп эл-журт билип, кызыгы тараганда угуп калам. Ойлоп көрсөм, машинамда бир да диски жок экен. Азыр муну айтып уялып отурам. Эми, буюрса, сөзсүз алып, салып койбосомбу (күлүп).

КЫЗЫК СУРООГО КЫЗЫК ЖООП

– Иниңиздин атактуулугунун пайдасы барбы?
– Пайдасы кээде тийип калат, пайдалуу нерсени колдонуш керек да (күлүп).

– Экөөңүздөрдүн купуя сырларыңыздар болсо керек?
– «Эч кимге айтмай жок, эркекче» деп сыр сакташып калабыз.

– Авазга «ырчылыкты ташта» дегиңиз келди беле?
– Чыгармачылык түйшүктүү экенин туюп турам. Айткым келет, башка жумуш башта деп. Бирок олуттуу чогулуштарда ырдап жиберет деп корком.

– Иниңиз кыз жандуубу?
– Ошонусун билбейт экенмин. Бул түнү менен той-топурларда ырдап, күндүзү күндү көрбөй уктап жатат. Кыз эмес, бир үйдө туруп биз менен сүйлөшкөнгө убактысы жок. Ошентсе да кыздарга убакыт таап жатат деген ишеничим чоң.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Lada
2013-04-22 18:24:08
аваз жонокой бала, жонокой ырчы. Азамат аваз алга
0
Nurik_UFC
2013-04-22 23:10:20
Ийгилик
0
maksimus
2013-04-24 15:43:22
Азамат. Ийгиликтер. Токтоо, орундуу суйлошот экен, асмандын башын суйлобой
0
azella
2013-04-27 16:11:53
Аваздын жонокойлугунон сырткары - жагымдуу кулкусу да адамды озуно тартып турат!ушунунуздан жазбаныз, жонокойлук-адамдын эн асыл сапаттарынын бири дейт го....... ийгилик коштосун.
0
valentinka.kg
2013-05-03 17:18:42
bergen intervyusun jylmayuu menen kulup atyp okudum, kandai bakyt aga-inini uwundai bolso! Owondoiunardan jazbagyla bir tuugandar! Iygilik sizderge
0
Positive
2013-08-18 03:18:16
иий аваз Акимовдун жылмайып караганын ммммммм жактыыыыы. бир туугандарга ийгилиииик!!!!!!
0
№ 546, 19-25-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан