Жеңишбек Сатыбалдиев, ырчы:«МЕНИН ЫРЫМ БАШКА АДАМДЫН ЫСЫМЫ МЕНЕН ЧЫГЫП ЖҮРӨТ»

Биз эргип уккан ар бир чыгарманын артында көп эмгек жатары талашсыз. Сөзүн жазган акын, обон чыгарган композитор, сахнага ырдап чыккан аткаруучу. Ал эми бүгүнкү каарманыбыз кеңсебизге баш багып, автордук укугу тебеленип жатканын айтып өттү. Анда кепти Жеңишбек Сатыбалдиев өзү уласын...

Туулган жылы, күнү – 1968-жыл, 4-март
Туулган жери – Чоң-Алай районунун Кара-Шыбак айылы
Үй-бүлөлүү, эки кыз, бир уулдун атасы
Учурда – Жалал-Абад облусундагы Токтосун Тыныбеков атындагы филармонияда «Мөлмөл» фольклордук- этнографиялык ансамблинин музыканты

«ӨКҮНҮҮНҮ» ЭҢ БИРИНЧИ АЙЫЛДАШТАРЫМ УККАН»
– Мен өз эмгегимдин укугун талашып келип отурам. Биз сөз кылчу чыгармам – экинчи ырым. 1994-жылы «Өкүнүү» аттуу ырым жаралган. Ырдын жаралышына өзүмдүн турмушум себеп болгон. Биринчи жубайым менен жашообуз келишпей, акыры бизди турмуш да, жакындарыбыз да ажыратып тынышкан эле. Ошол убактагы жан дүйнөмдөгү бук бул ырдын жаралышына себеп болгон. Ырдын обону да, сөзү да меники:
Эрте-кечтир жолугарбыз,
Бирок сүйүү муздап калган.
Ишенбеймин эми сага,
Үмүтүмдү үзүп салгам.
Чоң-Алай районунда мектепте музыка сабагынан мугалим болуп иштеп калдым. Ал маалда студия деген жок, ырымды жазып эң биринчи айылдаштарыма аткарып бергем. Айыл жеринде чыгармачылык менен иштегенге анчалык шарт болбойт эмеспи. Аккордеон менен ырдап жүрүп, элге бат эле сиңип кетти ал ырым. Бирок чоң
сахнага кадам шилтеп, калың элге тартуулаганга кудуретим жете элек болчу.
2004-жылы акын Азада Бегимкулованын атына коюлган «Азада Бегим» тобуна келип ырдап калдым. Ырымды айылдаштарым ырдап жүрдү. Маани деле берчү эмесмин. Кийин эле ырымды Стамгүл Турдалиева деген ырчы кыз ырдап жүрөт?! Болгондо да айылдашым Абдыкарим Ысмановдун автордугу менен! Сөзү уйкашпай, бурмаланып да кеткен экен. Баарынан тексттин мааниси кетиптир. 2004-жылы «Азада Бегим» тобу менен Бишкекке филармонияга концерт бергени барганда Стамгүл Турдалиева менен кезиктим. Ага баарын айтып, чыныгы текстин көрсөтүп, оңдоп бердим, ал туура кабыл алды. Ошондон кийин ал менин аты-жөнүмдү айтып ырдай баштады.

«ЭМИ ДА ТУУРА ЭМЕС ЫРДАП ЖҮРГӨНДӨР БАР»
– Андан көп өтпөй баткендик ырчы кыз ошол ырымды ырдап жүргөнүн угуп калдым, аты – Гүлзина Исмаилова. Тексти бурмаланган бойдон экен. Жакында бир досум айтып калды «сенин ырыңды бирөө ырдап жатат, сыналгыны койсоң» деп. Сураштырсам Ош драма театрынын артисти Венера Назаралиева экен, анын номерин таап андан бузуп ырдабашын сурандым. «Мен жазган текстти карап көрүп, анан ошол боюнча бузбай ырдагыла» дегем. Баары бир ошондой эле ырдап жүрөт.
Кийин мага Алтынай Эшбаева деген ырчы кыз чалып, «бул ырыңдын элдин алдына чыгышына себеп болуп жатпаймынбы?» деп коркутат кайра. Ал өзүмдүн ырым болгондугу үчүн мен аны өзүм аткарып элге тартуулагым келет. Мен ырдап чыккандан кийин, анан үнүнүн диапазонуна карап жакшы аткарган ырчыга беришим мүмкүн. Азыр ырдын «ашмалтайын» чыгарып салышты.
Тээ студенттик кезде ырдап жүргөн ырларым да группалаштарым аркылуу ар кайда тарап кеткен, аны да ар ким аткарып жүрсө керек.

«ЫР КИТЕПКЕ АЙЫЛДАШЫМДЫН АТЫ ЖАЗЫЛЫП ЖҮРӨТ»
– Бир жолу колума бир ыр китеп тийип калды. Ичинде менин ырым жүрөт, бирок аты-жөнүмдөн дарек жок. Бадырайтып «сөзү, обону Абдыкарим Ысмановдуку» деп турат. «Жаңылыпмын» деген аталышта кетиптир болгондо да, ал ырдын аты «Өкүнүү» болчу. Аны көрүп алып, автордук укугум тебеленгендигине бир ичим сыдырылса, уйкаштыгы жок ырдын абалына бир кыйналдым. Ошондо чыдабай «Кыргыз патентке» кайрылуу жибердим. Ал жактан көп өтпөй эле автор болууга акылуу экенимди билдирген кат келген.
Абдыкарим Ысманов өзүмдүн айылдашым болгондуктан эле сабырдуу болуп жүрөм. Студенттик кезде акын Жалил Садыковдун сөзүнө жазылган «Аячы мени» аттуу ырым менен теледен, радиодон түшпөй турчу элем. Сыналгыдан чыгып, «Алтын шакек» деген кароо-сынакка катышып, андан жеңүүчү аталганмын. Маалында мага жол көрсөткөн, сүйөгөн эч ким болгон эмес. 2000-жылдары гана айтылуу Жолдошбек Мамажанов агайдан сабак алып баштагам. Ал кишинин өмүрү кыска экен, кийин кайтыш болуп кетпедиби... Эми учурда атайын буйуртма менен обондорду жазып жүрөм.

ЭКИНЧИ ТАРАП ЭМНЕ ДЕЙТ?
Бул сөздөрдөн кийин Абдыкарим Ысмановго байланышалы десек, ал учурда Орусияда экендиги дайын болду. Ал эми ушул ырды ырдап жүргөн Ош драма театрында эмгектенген ырчы ВЕНЕРА НАЗАРАЛИЕВА төмөндөгүдөй жооп кылды
:
– Мен ал ырды Стамгүл Турдалиева ырдап чыккан вариантын угуп отуруп, анан жаздырган болчумун. Автордун өзүнөн уруксат сураган эмесмин, чынында. Бирок мен ырдап чыккандан кийин ал киши мага телефон чалып, «ырдын тексти меники, менин концертимден кийин ырдагын бул ырды» деп айтты. А мен ага чейин эле
ырды жаздырып, ага клип да тарттырып койгон элем. Бирок мен Жеңишбек Сатыбалдиевден кечирим сурагам.

Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Мелисбек
2013-04-22 10:39:30
Онорунуз оркундой берсин, ининиз Мелисбек.
0
PROS
2013-04-23 20:18:00
Чынында мен кичинекей кезимде укчумун Жениш акенин ырын, Керим аке туура эмес кылган. Автору Жениш аке, бул ырдын тарыхын жакшы билем, окунучтуу. Бул акелер менин айылдаштарым болушат.
0
Kg.lady
2013-04-26 15:54:50
Ммм,билбейм эмне дешти,бироо жасап койсо,анын эмгегин башка бироо уурдап алса чындыгында туурамес.
0
№ 546, 19-25-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан