МАЙ КУЮУЧУ ЖАЙДАН АКЧА УУРДАГАНДАР КАРМАЛДЫ

Аксы районунда милиция кызматкерлери тарабынан «Газпром нефть» май куюучу жайдан ири суммадагы акча уурдоого шектүү адамдар кармалышты. 13-апрелде саат 05:00дө Аксы райондук ИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кербен шаарында жайгашкан май куюучу жайына белгисиз адамдар тоноого киришкендиги тууралуу кабар түшкөн. Кылмышкерлер кассага кирип, 800 миң сомду алып кетишкени аныкталган. Башкы оператор колу-буту таңылып жерде жаткан. Анын айтымында, түн ичинде бир нече адам май куюучу жайга кирип келип, аны ур-токмокко алып, коркутуу менен кассадагы акчаларды алып кетишкен. Ал эми коңшу бөлмөдө отурган кароолчу эч кандай талап-тоноону көргөн эмес. Кароолчунун айтымында, кардар көпкө такылдатып, анан операторлордун эч кимиси чыкпай жатканда бөлмөгө кирип оператор байланып жатканын көргөн. Экинчи операторду уктатуучу дары менен уктатып салышкан. Көзөмөлдөө камерасы да өчүк болгон.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө тергөөчүлөр бул кылмышка шектүү деп Аксы районунун тургундары 1992-жылы туулган А.Жны жана 1990-жылы туулган А.Нди кармашкан. Алардын бири ошол эле райондун акиминин уулу болуп чыккан. Аксы райондук ИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 171-жана 164-беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Уурдалган акчанын 700 миң сомго жакыны шектүү жарандардын биринин үйүн тинтүү учурунда табылган.

Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
kulpun88_kg
2013-04-25 16:19:44
жаштар эле экенго меенет кылып эле табышбайбы
0
Takesha87
2013-04-25 16:29:17
Оздору ушул жолду тандаштыбы, эми кесепетин омур бою тарткыла, уурулар!!!
0
№ 546, 19-25-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан