Бактыгүл Закирова:«МЕН ЭМИ ТОЙЛОРДО ЫРДАБАЙМ»

Маңдайымда «кайрадан үйлөнүү тоюбузга баргым келип жатат» деген жаш келин тойдо түшкөн сүрөттөрүн улам суктануу менен барактап жатты. Ал – Бактыгүл Закирова. Мындан бир-эки жыл мурунку ачык, тамашакөй Бактыгүл менен эмес, турмушка олуттуу караган ырчы айым менен маектешип отурдум.

– Куш боо бек болсун! Алгачкы сөздү үлпөт тойдон баштайлы, кандай өткөрүп алдыңар?
– Рахмат, буюрса, баары жакшы. Бул жашоодо адам баласы бир жаралып, бир жолу гана турмуш курат экенбиз. Албетте, айрымдардын ажырашып кеткенин эске албаганда. Ошол себептен тойду жолдошум экөөбүздүн гана эсибизде эмес, тойго келгендердин баарынын эсинде калгыдай өткөрүүгө аракет жасадык. Адаттагы тойлордон кантип өзгөчөлөндүк? Билесиз, ар бир тойдо тост айтылат. «Качан мага сөз берилет?» деп бир аз толкунданып күтүп отурабыз. А биз атайын стенд жасатканбыз, келгендер каалоо-тилектерин ошол жерге жазышты, ортого чыгып каалоо-тилек айтышкан жок. Той башталышын коноктор сыртта күтүшөт эмеспи, бизде чайлашууга өзүнчө стол жасалган. Келгендер той башталгыча чай ичип, Алмаз экөөбүздүн дубалда илинген ар түрдүү сүрөттөрүбүздү карап жүрүштү.

– Коштоп жүрүүчү курбу кыз менен жолдош бала да болгон эмес турбайбы?
– Ооба, болгон жок. Жыргап экөөбүз эле отурдук. Келгендерге шоколаддай таттуу турмуш каалап шоколад берели дегенбиз, бирок ал оюмдан кайттым. Андан көрө биздин тойду эстеп жүрүшсүн деп жолдошум экөөбүздүн сүрөтүбүз түшүрүлгөн магнит белек кылдык.

– Кайын журтуң, жолдошуң туурасында кененирээк айтып берсең...
– Жолдошум да, кайын журтум да абдан түшүнүктүү, боорукер, жакшы адамдар. Менин бул жашоодогу эң жакын адамдарым. Күйөрмандарым ачык айтпай коюптур деп таарынышпасын. Ар бирибиз бактылуу турмушту эңсеп, кыялданабыз. Кыскасын айтканда, жашоодогу бактылуу адамдардын катарын мен да толуктайм. Буюрса, жакында эне болом.

– Күзүндө эле үйлөнүптүрсүңөр, тойду эмнеге кеч бердиңер?
– Убакыт болгон жок. Анын үстүнө эмнегедир шашкан жокпуз. Ошондуктан ушул маалга туш келди. Жакшылыктын эрте-кечи жок эмеспи. Дубайда досторубуз бар. Үйлөнүү тоюбузду символикалык түрдө ошол жактан белгилеп коёлу деп жатабыз. Алмаз да, мен да көп эле чет жерде болгонбуз. Анан экөөбүз тең Дубайга барып келели деп чечтик.

– Жолдошуң эки бир тууган экен. Кайын журт менен чогуу турасыңбы?
– Жок, өзүнчө турабыз. Ошентсе да бат-баттан барып, апам менен атама ысык чайымды берүүдөн тажабайм. Өз апамды кандай жакшы көрсөм, кайненемди да ошондой көрөм. Алар болбосо Алмаз кайдан болмок эле? Кудай буюрса, өмүрүм өткүчө аларды сыйлап өтөм.

– Сенин сахнада, тойлордо ырдашыңа жолдошуң каршы эмеспи?
– Жолдошум ар дайым чыгармачылыгымды жан дили менен колдоп келет. «Жакшы ырларды жаздыр, маанилүү, кооз клиптерди тарт, бирок тойлордо ырдабайсың» деди. Ал эми чоң-чоң концерттерге катыша берем.

– Бизнесиң менен чыгармачылыгыңды чогуу алып кетейин дейсиңби же бирөөнү эле колго аласыңбы? Сурайын дегеним, чыгармачылыгыңда бир аз солгундоо болуп жатат го?
– Ооба, чын, мурункудай көңүл бура албай калдым. Бардык нерсенин өзүнүн убак-сааты болот. Азыр менде тыныгуу, мындан ары аракет кылам деген ишеничтемин. Тоюмда жолдошума арнап сөзү өзүмө, обону Азамат Такырбашевге таандык «Жүрөгүмдө сенсиң» деген ырымды ырдадым.

– Сулуулук салонуң абдан заманбап үлгүдө жасалыптыр. Бул өзүңдүн аракетиң мененби?
– Биринчи Кудайдын жардамы менен. Менин аракетим андан кийинки орунда турат.

– Эми турмуштук кадимки суроолорду берейин. Бул жашоодо эмнени баалап жашайсың?
– Үй-бүлөмдү, жакындарымды, достукту, анан да убакытты баалап жашайм. Себеби убакыт деген учкан куш экен. Кечээ эле 19 жашымда ырдап чыксам, минтип жыйырма сегизге келип калдым.

– Салонуңдун кызматынан өзүң пайдаланасыңбы?
– Албетте, чачымдын жасалгасынан баштап, тырмагыма чейин өз салонумдан жасатам. Салон гигиеналык тазалыкты талап кылат. Бизде ар бир кардардан кийин колдонулган буюмдарды дезинфекциялап турабыз. Ошол себептен өзүмдүн салонума ишенем.

– Сүйүүгө кандай аныктама бересиң?
– Сүйүү бар. Сүйүүсүз жашоо кызыксыз. Сүйүүнүн түрү көп. Ошонун ичинен эки адамдын ортосундагы сүйүүгө токтолсом, аялзаты менен эркек адам бири-бирисиз жашай алышпаса, демек, ошол чыныгы сүйүү.

– Жашоодогу коркконуң?
– Кудайдан башка эч нерседен коркпойм. Өлүмдөн да тайсалдабайм. Ажалың жетсе ал сени кайсы жерде жүрбөгүн таап алат. Маңдайыбызга жазганды көрөбүз да. Бул жашоодо түбөлүк калган эч ким жок. Ар бирибиз бүгүн болбосо, эртең кетебиз. Ошондуктан ар бир күнү адам болгум келет. Эч кимдин көңүлүн ооруткум келбейт. Жакындарыма жылмаюу гана тартууласам дейм.

– Кандай ураан менен жашайсың?
– Баары жакшы болот!

– Эсте калган таарынычың?
– Таарынычтарды унутканга аракет кылам. Ошондуктан эсимде жок.

– Сүйүп жеген тамагың?
– Лагман деп айтып коюшум мүмкүн. Бирок ар ким ар кандай жасайт да. Ошондуктан берилип, чын жүрөктөн, жакшы назар салып жасалган тамактын баары жагат.

– Мүнөзүңдөгү жаман жагың кайсы да, жакшы жагың кайсы?
– Ар бир адамдын жаман жагы жана жакшы жагы бар. Кээ бирөөнүн жаман жагы көп да, жакшы жагы аз. Айрымдарда тескерисинче. Менин жакшы жагым көп деп ойлойм.

– Сыймыктанганың?
– Кыргыз болуп, Кыргызстанда төрөлгөнүм.

– Бошоноруңа аз убакыт калыптыр, аман-эсен көз жарып ал.
– Рахмат! Сиздерге да ийгилик.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (87)
Gulnara1128
2013-04-26 13:23:27
Счастья вам!!!!
0
Kg.lady
2013-04-26 14:12:43
Чын эле чон кайненеси кантет, небере келинден итиркейи келип качкандай кейиптего,эмнеси болсода бактынды берсин кудайым....
+1
kanu
2013-05-04 14:17:06
Kg.lady, просто суротто ошондой чыгып калган да,негизи картайган киши ошндой эле болот.
0
aygesha
2013-11-17 04:17:00
Kg.lady,ошол аялдын жашына жет сен андан да отсон керек.
0
Pearl.06
2013-04-26 15:40:55
Байкуш жаш келин чоооң кайненесине шыбырап жатабы же өпкөнүбү ал кишинин кабыл алышы жаман экен го.Бул жерден мен Бакуляны жактырбасам да боорум ооруп кетти.Башка үй бүлөөгө көнгөнчө далайлар баштан өтөт да.Неси болсо да бактылуу болушсун.
0
aizish
2013-04-26 22:10:05
Бактулуу таалайлуу болушсун! Мага да жакчу эмес мурда эми ойлойм турмушта жанылбаган жаак, мудурулбогон туяк болбойт, коп нерсени корду акты караны айырмалап калды ийилди сынды дегендей создору орунду болуп калыптыр. Баардыгы жакшы болот деген созго эле негедир ичим жылыбайт тообо, бир эжемдин да девизи ушундай да.
0
gulika
2013-04-27 00:13:26
эн негизгиси турмушунан жанылбасан болду,бактылуу бол,таш тушкон жер оор болсун.Кызга башка эмне кааламак элен.
0
aizuma
2013-04-27 00:56:12
эми эмнесин корсонор уксанар созсуз ошону жазып кетиш керекпи.мен муну Бактыгулго жан тартып айтып атканым жок болгону шариятта бироонун айыбын ачкан куноо болуп эсептелет.
0
Aiperi.edil
2013-04-27 17:03:04
Бактыгул кармашан колунар эч качан узулбосун ар дайым бар бай болгула аман эсен коз жарып ал!
0
erica_7072
2013-04-27 20:34:15
Адам чыныгы суйууго жолуккандан кийин бир топ эле озгорот эмеспи.эн башкысы куйосун сыйлап жашаса болду.бактылуу болсун!
0
rahilka
2013-04-27 23:56:10
бул бактыгул бадыевабы?
0
kanu
2013-05-04 14:17:54
rahilka, уйкудан турдунбу хахаха
0
aygesha
2013-11-17 04:19:09
rahilka, ооба менда тан калдым кече эле Бадыева болгон бугун Закирова кантет?эмне ошондо жолдошунун фам.сыбы иии куйдурот ушуларда!
0
jyldyz84
2013-04-28 18:07:30
Бактыгул бактылуу болгула !!!
0
valentinka.kg
2013-05-03 16:28:01
adamdy baktyluu koro albagandar da koop! Ar kim baktyluu boluwka ukuktuu! Baktyluu bol Baktygul! Jaman adamdyda jakwy adamdy da uwak kowtop jurot alarga maani berbei ele koigonun en tuura!
0
konfetka_love
2013-05-04 14:36:37
Baktyluu bolunuz! Karmashkan kolunar eechkachan uzulbosun!
0
anjella8888
2013-05-04 16:37:51
Маашаллах бактылуу болгула! Ыйманы бар экени созунон билинип турат. Ал Эми коралбагандар кайдагы видеону айтбайле койгула, ал оюн экени корунуп эле турат. Бактыгул аябай жылдыздуу айым!
0
eliz-an86
2013-05-05 02:58:57
Бакуля бактылуу болгула жолдошун экоон. Айтылган создорго эч качан конул бурба баары бир ты супер!
0
zhyzi
2013-05-18 13:12:54
Куйосу Закиров Алмазбек Женишбекович, 1978 жылкы, Нарындан тубу, бирок Чуйдо оскон.Атасы Закиров Женишбек Асанбекович, бажы коопсуздук кызматынын начальниги
0
№ 546, 19-25-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан