Дайыма жайдары мүнөзүнөн жазбаган Роза айым учурда камкор эне, бактылуу жар, сүйүктүү ырчы. «Таппай жүрөм», «Үйлөнүү той» деген популярдуу ырлардын аткаруучусу биздин маек төрүбүздө.
– Роза, жаздын деми менен өзгөрүүнү имиджиңизден баштаган окшойсуз?
– Чачымды кырктырганыма көп болду. Мурун такай узун болгондуктанбы, ошол чачыма көнүп калыпмын. Кыска чач деле бир чети жакшы экен, тараганга оңой дегендей (күлүп).
– Сахналаш курбуларыңыз Фарида Карбосова, Айгүл Чалова үчөөңөрдүн чач жасалгаңар окшош экен. Атайын окшоштуңарбы?
– Жо-ок, атайын деле эмес. Эң биринчи мен, андан кийин Фарида менен Айгүл кырктырышкан. Чачтарачка барсам, Замира Молдошева «каре кылып көрбөйсүңбү...» деп кеңеш берген. Анан ушундай чач жасалганы тандап алдым.
– Учурда жеке концертиңизди өткөрүүгө кызуу даярданып жатыпсыз...
– Ооба, 10 жылдык отчёттук концертиме даярдык көрүп, үйдөн таң атпай чыгып, кечинде барып, көчөдө эле жүрөм. Концерт демекчи, учурунда көп ырчылар «келебиз, бизди да чакыр» деп коюп, эми биринин да дымы чыкпай калды. Кичине тыңыраак болуш керек экен, мындан кийин акымды ошол күнү эле албасам деп калдым. Антпесең кызматыңды учурунда пайдаланып алып, ишиң түшкөндө жүзүн буруп кетип калышат турбайбы. Колдоо көрсөткөндөрдөн деле куру эмесмин.
– Кайгылуу ырлардын майын чыгара ырдайсыз, эми шаңдуу ырларга өтүпсүз...
– «Үйлөнүү той», «Карабачы», «Таппай жүрөм» деген ырларым кайгылуу эмеспи. Тойлордо кайгылуу ырлар анчейин өтө бербейт. Анан «Той ыры», «Ашыкмын» деген шаңдуу ырларды жаздырып, учурда той-кечелерде ырдап жүрөм. Анан да көпчүлүк «Ырларың муңдуу, жашооң жакшы элеби?» деп сурай беришет. Жашоом ойдогудай, буюрса. Ар бир үйдө уруш-талаш болот. Уруш-талаштан үй-бүлө урабайт, тескерисинче, сүйүү жанданат деп ойлойм.
Ар бир ырды жан дүйнөм аркылуу өткөрүп ырдайм. Мисалы, «Үйлөнүү той» деген ырымда «Эмнеге мен ак көйнөк кийип турмушка чыккан жокмун?» деп элестетип алып ыйлап ырдагам. Кыз кишинин жашоосунда ак көйнөк бир эле жолу кийилет эмеспи, мен да бардык кыздар сыяктуу барпыраган ак көйнөк кийип турмушка чыккым келчү. Бирок, ырымда айтылгандай, буйрубаса не кыласың?..
– Турмушка кеч чыкканыңызга кейип каласызбы?
– Мен 4-5-курстарда окуп жүргөндө деле бала, күйөө тууралуу эч ойлончу эмесмин. Жашмын деп жүрө бериптирмин. Жигиттер сөз айтышса олуттуу кабыл албай, «мен ырдайм» деп сунушун четке кагып койчумун. Кийин жолдошум менен таанышып, карасам эле жашым 30га келип калыптыр. Жолдошум «турмуш куралы» деп сунуш киргизгенде «Ой-оой, эми ырдабай каламбы, жөн эле акчасын берип жүрө бербейби?» дечүмүн, ха-ха. Анткени кыз-жигит болуп жүргөнүбүздө чыгымдын баарын өзү көтөрүп, ырларымды жаздырып берчү да. Азыр концертиме күйөөм чуркап жардам берип жүрөт. Чынында, балам төрөлгөндөн кийин өзүмө аябай жиним келди, «Бул убакка чейин 4-5ти төрөп албай не кылып жүрдүм?» деп.
Мен эч качан уялбайм, ооба, күйөөмдүн экинчи аялымын, аны Кудай бешенеме жазып коюптур. Түрккө, кытайга, корейге чыккандан көрө кыргыз жигитине онунчу аял болуп тийген жакшы да, кыргыз төрөйсүң. Өзү шоу-бизнесте көпчүлүк ырчы кыздардын тагдыры ушундай болуп калат. Жаш кезинде ылайыктуу жигит тандай албай жүрө беришет. Бирок «отурган кыз ордун табат» дейт. Аларды да өз бактысы күтүп турса керек.
– Баарын бетке айткан, тарсылдаган мүнөзүңүз бар. Бул мүнөзүңүздүн зыянын көп тартасызбы же пайдасынбы?
– Зыянын көп тартып калам. Айрым досторум « Роза, эч кимге сырыңды айтпа" дей беришет, билишет да менин ичиме ката албасымды. Эгерде бирөө жакпаса, барып туруп «Сен деген ушундай турбайсыңбы?» деп эле бетине балп эттире айтып салам. Тойдо 20 миң сом тапсам, эртеси баарын иштетип салышым керек. Ошондой эле түзүлүш да, мындайча айтканда. Бугумду ичиме ката албайм, жарылып кетем. Күйөөмө таарынсам, курбума айтып бөлүшпөсөм, анда таарынычым жазылбайт, ооруп калам.
– Үйдө ким башкаруучу да, ким аткаруучу?
– Жолдошум өзү башкаруучу, өзү аткаруучу. Мага «баланы эле жакшы кара» дейт. «Кой, балам зеригип жатат, аны менен ойношум керек» деп үй жыйнабай коём.
– Жалгыздыктан өзгөчө коркот экенсиз...
– Ооба, абдан корком, ал тургай үйдө балам менен жалгыз калбайм. Сөзсүз курбуларымды жаныма чакырып алам. Жалгыз калганда өлүп калсам, бул тууралуу эч ким билбей калгандай эле сезиле берет.
– Экөөңүздөр тең тапканыңыздарды үй-бүлөлүк бюджетке саласыздарбы?
– Менин тапканым өзүмө эле коройт. Үй-бүлөнүкүн күйөөм көтөрөт. Бирок такыр акчаны «Кайда иштеттиң? Эмне кылдың?» деп сураган эмес, кийлигишпейт дагы.
– Үй-бүлөдө кимдин сүйүүсү күчтүү?
– Аялдын сүйүүсү күчтүү болсо, турмуш куралат. Ал эми эркектер эркектигин кылат да. Кудай аларды ошондой кылып жаратып коюптур, үйдөн жети кадам алыска чыкса бойдок болуп алышат. Эми эркектерге ал нерсе жараша берет. Аял киши ошондой жоруктарына көз жумуп, чыдамкайлык менен жеңиши керек. Биздин үй-бүлөдө менин сүйүүм күчтүү, күйөөмдү аябай сүйөм, баламды катуу жакшы көрөм.
– Шоу-бизнесте кайсы ырчылар менен үй-бүлөлүк катыштасыз?
– Азиза, Айнура Салахидинова, Гүланда менен үй-бүлөлүк катыштабыз.
– Кызыктуу маегиңизге чоң рахмат!
Лунара Бекиева
star@super.kg