Көп жылдан бери «Камбаркан» элдик ансамблинде эмгектенип келаткан Дилшат Кангелдиева эми жеке ырчы катары эмгектенет. "Өзүмдүн күчүмдү сыноого убакыт келип жетти» деген ал адегенде эле Улуу Британияда болуп өткөн түрк тилдүү элдердин чыгармачыл кечесинде талантын тартуулап келди. Ырчы айымдын үнүнө арбалып, кечеге барган казактар чогуу иштешүүнү да сунушташыптыр.