Режиссёр Руслан Машрапов ММКларга түштүк кореялык режиссёрлор менен биргеликте кино тартып жатканын жана ал тасмага белгилүү актёр Ли Мин Хого роль сунуштаганын билдирген эле. Андан сырткары башка басылмаларда Руслан мырзанын орусиялык актёр Сергей Безруковго да ушул сунуш менен кайрылганын жазып чыгышкан. Жыл айланбай ал айткан сөздөр тескерисинен чыкты. Орусиялык актёрго маалымат режиссёрдон эмес, башка булактан жеткен өңдүү. Анткени Безруков интернет баракчасына ушул боюнча өзү төмөнкүдөй билдирүүдө: «Мага кыргыздардан тасмага тартылуу тууралуу сунуш түшкөн эмес. Жана кыргыздардын "братвасы" тууралуу фильмге тартылбайм. Бул жөн гана менин атымды колдонуп пиар жасоочулардын иши». Ал эми режиссёр: «Маалымат туура эмес тарап кетиптир. Безруков боюнча жумуш али аягына чыга элек. Анын фильмде ойноор-ойнобосу тартуу аяктаганда билинет»,- деп мурунку сөздөрүн четке кагып койду. Режиссёр сыр тутканы менен, Безруковдун тасмага тартылбай турганы айдан ачык болуп калды. Эми Ли Мин Хо да нааразы болуп чыкса таң калбайбыз.