13-апрель күнү шаарыбыздагы боулинг клубдардын биринде «Жебе» тобу жакын досторунун курчоосунда топтун эки жылдык майрамын белгилешти. "Жебенин" түзүлгөн күнүнүн урматына «апасы» Кенже Дүйшеева жигиттерге Тойота Эстима үлгүсүндөгү унааны белекке берди. Бул тууралуу Кенже Дүйшеева: «Жакшылап ойлоп көрүп, балдарыма пайдалуу белек берүүнү туура көрдүм. Анткени гастролдордо көп жүрөт эмеспизби. Кудай буюрса, минтип балдарым да жеке унаага ээ болушту. Балдарым али жаш, алардын машина айдаганын көрүп, жүрөгүм оозума тыгылды. Ошондуктан азырынча рулда өзүм отурам».