Ыйман темасындагы ырларды ийине жеткире ырдаган Эмил Балтагулов борбордон үн, аранжировка жаздыруучу студия ачканын айтат. «Мурун түн ортосунда эргүү келгенде чыгармаларды жаратып, бирок студия көздөн уччу эле. Эми кайсы убак болсо да чуркап барып жаздырып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Учурда көптөн бери көксөп жүргөн тилегиме жетип, кубанычым койнума батпай турат. Азырынча өзүмдүн ырларымды эле көркүнө чыгарып жатам. Жакында, буюрса, кесиптештериме жардамым тиет деген оюм бар»,- дейт ырчы мырза.