«Жашоо азабына, Салбай казалына. Келчи, жан шеригим, Сүйүү дайрасына...» деп сүйүү азабына батып ырдап жүргөн KG Эльмурат жан шеригин тааптыр. Жөн эле таап кол кармашып жүрө бербей, жакында үйлөнүү үчүн шерттешкенин да айтат. «Болочок келинчегим менен эжемдер аркылуу тааныштык. Сүйлөшкөн кызымдын Кыргызстанда жашабаганына байланыштуу интернет аркылуу жазышып жүрүп, кийинчерээк көрүшкөнбүз. Адамды бир көргөндө эле кандай экенин билип койсоң болот эмеспи. Ал кыз уялчаак, токтоо, мен каалагандай экен. Кудай буюрса, орозону бүтүрүп той өткөрсөкпү деп жатабыз»,- дейт ырчы. Буга чейин деле Эльмурат «жакында үйлөнөм» деп кулакты кызытып көп айтчу. Бул жолкусунда сөзсүз насип кылып, ал кызга баш байлайт деп ойлойбуз.