«Жол карап өттү күндөр, коюнумда сагыныч бар» деген ыр саптарынын аткаруучусу «Таалай элеси» тобу жадыңыздан кете элек чыгар. Бир кезде сүйүү тууралуу бир нече хит ырларды жаратып, анан дымып калган бул топ кайра жанданганы турат. «Азырынча топко эки жигит алып, эми кыз издеп жатабыз. Курамыбыз толукталары менен Баткенди кыдыра гастролго чыгып баштайбыз»-, дейт Тотомидин мырза.