Мерген Турган сахнанын көркүн ачып жүргөнүнө 30 жыл болуптур. Бул жагымдуу мааракеге карата ырчы күйөрмандарына арнап концерт өткөрөм деп чуркап жүрөт. Алгачкы концерти тууралуу ырчы, пародист: «Сахнада жүргөнүмө билинбей эле 30 жыл болуп, бир жолу да жеке концерт берген эмес экем. Буюрса, бардык пародияларымды чогултуп, күлкү аралаш жагымдуу маанай тартууласам дейм күйөрмандарыма.Тилектерим орундалып, талыкпай кылган ак эмгегим акталат деген ишеничтемин»,- дейт.