Ырчы Темир Назаров бир кездерде «Туулган жер» аттуу ыры менен жарк эте чыгып, сахнаны, аны менен кошо кыздардын жүрөгүн багындырган эле. Кыздар караанына байланып, карегине кагылып турган кезде үйлөндү да, сахнага мурункудай чыкпай калды. Эки баланын атасы болгон ырчы мырза учурда эмне менен алек экени күйөрмандары үчүн кызык. «Эл көзүндө жүрүүдөн чарчадым. Ушак-айың, интрига сени ээрчип, көңүлүң көп жолу чөгөт. Негизи, чыгармачылыктан алыстабай, жаңы ырларды жаздырып жатам. Бирок мурункудай бат-баттан концерттерге катышып, сахнага кайтайын деген оюм жок»,- дейт Темирбай. Ырчылыкты эмес, телеалпаруучулукту тандаган Темир ал жакты да жакшы өздөштүрүп кетерине күмөнүбүз жок.