КЫЛЫЧБЕК СУЛТАНОВ КРЕСЛОГО ЖАБЫШПАГАН ЖАҢЫ МУУНДАГЫ САЯСАТЧЫ ЭКЕНДИГИН КӨРСӨТТҮ

Өткөн жумадагы өкмөттүк жыйында Социалдык блоктун куратору, вице-премьер Камила Талиева депутаттык кезиндеги адатына салып атырыла өз карамагындагы министрликтин бирин койбой баарын “дүңүнөн” күнөөгө жыкты. Муну менен ал өзүнүн жоопкерчилигин министрлерге, алардын орун басарларына оодарып салгысы келди көрүнөт.
Айрым басылмалар Камила Талиева вице-премьер-министр болуп иштеген 7 айдын 2 айын “ооруп” жумушка чыкпай өткөргөнүн, кылган иштеринен анын Меккеге ажылык сапарга барып келгени гана элдин эсинде калганын, соңунда өз мойнуна жүктөлгөн жоопкерчиликти министрлерге оодарып салгысы келгенин жазып чыгышты. Чын эле Камила айым өлкөдөгү Социалдык блокко жооптуу экенин унута түшкөнбү, кол алдында иштеп жаткан кадрларга чечим жолун көрсөтүүнүн ордуна жөнү жок айыптап, өзүнөн жогору тургандардын көзүнчө иштеп жаткан түр көрсөтөйүн дегениби, элди алаксытканыбы же катуу сөз айтсам саясий упай көбүрөөк топтойм дедиби, кыскасы, өзүнө эле кайра аң казды.
Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султанов биринчи болуп үн катты. Анын “Мен дале чечиле элек социалдык маселелер көп экенин мойнума алам. Тилекке каршы, ал көйгөйлөрдүн чечилиши түздөн-түз республиканын экономикалык абалы жана бюджеттик мүмкүнчүлүктөрүнөн, бардык министрликтер, ведомстволор менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын биргеликте айкалыша иш алып баруусунан көз каранды. Ал ведомстволордун өз ара үзүрлүү иштешүүсүн жакшыртуу баарынан мурун вице-премьер-министр Камила Талиеванын милдети болуп саналат” деген билдирүүсү тарады. Министр мырза “К.Талиева өзү жоопкер болгон блоктун баарын ашепке айыптоо менен Социалдык блокту башкара албастыгын көрсөттү жана өз ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгына ушундай баа берип койду” деп эсептейт.
Мындай билдирүүгө Камила айымдан мурун “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов жооп кайтарды. “Жетекчиликти сындагысы келсе, Кылычбек Султанов алгач кызматтан кетүү боюнча арыз берсин, анан сындай берсин”,- деп чыкты. Феликс мырза кантсе да КПССтин тартиби менен чоңойгон эски киши эмеспи. Андыктан өкмөт мүчөлөрүнүн жетекчилери теңирден тескери жакка айдаса деле кың дебей ээрчип кете берүүсүн, “туура эмес иш кылып жатасыңар” деп сын айтпоосун туура көрөт өңдүү.
Кылычбек Султановдун пикирине карата реакция көп күттүргөн жок. Эртеси күнү эле Социалдык өнүктүрүү министри “өз каалоосу менен” жумуштан кетүү боюнча арыз жазганы белгилүү болду. Сыягы, “өз каалоосу менен” арыз жазууга аргасыз кылышты көрүнөт.
Камила айымдын ашепке айыптоосуна кабылган министрлердин ичинен жалгыз Кылычбек мырзанын өз позициясын ачык билдирип, вице-премьерге тайманбастан сын жооп айтканы коомчулукта жана интернет чөйрөсүндө кызуу талкууга алынды. "Азамат жигит экен!", "Иштин көзүн билбеген Талиева менен иштегиче кызматтан баш тартып кеткени туура болду. Баары бир майнап чыгартмак эмес", "Жаңы муунду жумушка тартабыз дешет. Келген жаңы муунду минтип четинен ыргытышат. Кайра эле баягы эски системге көнгөндөр калышат. Кылычбек мырза "ляппайбектерден" айырмаланып креслого жабышпай турганын көрсөттү. Анысы мактоого арзырлык" деген пикирлер айтылып жаткан кези.
Бүгүнкү күндүн кадрлары Феликс Кулов күткөндөй унчукпай отура алышпасын Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева да көрсөттү. Камила Талиеванын атырыла сындаганын ал да “туура эмес” деп баалады.
Өкмөттүк бул жыйындан кийин көп кызматкерлер жумуштан алынды. Алардын дээрлик көпчүлүгү жаш, жаңы муундун кадрлары эле. Муну менен “азыркы өкмөт пенсионерлердин өкмөтүнө айланып баратат” деген пикир өз ордун дагы бекемдеп алды.
Оңолууну, өсүүнү кааласак, бүгүнкү мезгил чиновниктердин ортосунда “сизиң-бизиң” мамиленин бекем сакталышын же жогорку кызматтууга ылдыйкылары бөжөңдөп ийилип турганын эмес, жашынын жөндүү сөзүн улуусу да угуп, эң башкысы, маселенин туура чечилүү жолун табуу үчүн ынтымактуу иштегенди талап кылат.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
aote
2013-04-22 12:37:18
Кылычбекти бут жаштар колдойт!
0
kulpun88_kg
2013-04-22 14:20:14
азаматсыз сысыган саясаттан алыс болгонуз менен кутуктайм сизди колдойбуз
0
aigulai
2013-04-22 15:44:34
Рас эле кетип калдынар, кичине креслого жабышып кетпейм десенер, чет олкого бала саткан мафиянын башчысы болуп чыга келмексинер,
-1
Lada
2013-04-23 11:17:05
Мен эл учун куйгон, кыйшыгын туздогон, коррупцияга малынбаган жаштардын бийликке келишин колдойм.
Майтарылба, курчтугундан жазба Кылыч!
Мээнетинди эл билет, менден сунуш!
Акты ак деп кара озгойду сындагын!
Курчтана бер, эч мокобо, суранамын, сынбагын!
0
Kg.lady
2013-04-26 17:11:34
Баракелде!!!!Эн негизгиси майтарылбасаныз болду!!!
0
№ 546, 19-25-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан