2012-жылдын 20-сентябрында Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Орусияга болгон 500 миллион доллар карызын кечүү боюнча келишимге кол коюшкан. Үстүбүздөгү жылдын 16-апрелинде Орусиянын Мамлекеттик Думасында бул келишим талкууланды. Анда сөз сүйлөгөн депутат Владимир Жириновский «Орто Азиядагы мамлекеттер алганды гана эмес, бергенди дагы билиш керек» деп чыкты. «Кыргызстанда алтын, уран сыяктуу баалуу кен байлыктар көп. Эгер Кыргызстан аларды бергиси келбесе, анда карызын кечип жатканыбыз үчүн Ысык-Көлүн берсин. Бул керемет көл. Карыздар боюнча маселени караган орган туура эмес иштөөдө. Биз берип эле жүрө беребизби?»- деди.
Анын «жалындуу» кебине карабастан, Орусия парламенти Кыргызстандын 500 миллион доллар карызын кечүү боюнча келишимди жактырды. Жириновский Кыргызстанда президенттикке талапкер болуп чыккан бирөө андан шайлоодон утуп чыгууга жардам берүүсүн өтүнгөндүгүн кошумчалады. «Ал бүтүндөй бир облусун берем деген. Демек, алар берүүгө даяр»,- дейт орус депутаты. Кызык, талапкерлердин кимиси болду экен? Ошол кезде Орусияга ыктаган талапкерлер Темирбек Асанбеков, Феликс Кулов, Адахан Мадумаров болчу. Ошолордун бириби? Балким, башкасы?..
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg