12-апрель күнү кечинде УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Свердлов РИИБинин эки кызматкерин маңзат менен кармалгандардан кылмыш ишин ачпоо үчүн 20 миң сом пара алып жатканда колго түшүргөн. Бул маалыматты УКМК таратты.
Кармоо учурунда эки милиционер катуу каршылык көрсөтүп, бирге иштешкен кесиптештерин жардамга чакырышкан. Жабыла келген милиционерлер чекисттер менен мушташып, кесиптештерин куткарууга аракет жасашканда УКМКчылар тапанчаларын сууруп чыгып, асманга эскертип ок атуу менен тополоңду токтотушкан. Ошондон кийин гана чекисттер колго түшкөн эки милиционерди УКМКнын абагына алып кетишкен.
Андан бир саат өтпөй УКМКнын беш кызматкери Свердлов РИИБинин имаратына келип, колго түшкөн эки кызматкердин кабинеттерин тинтүү үчүн киришет. Тинтүү жүрүп жатканда жарык «капыстан» өчүп калып, УКМКнын беш кызматкери катуу сабалып калат. Учурда алардын экөө ооруканада.
УКМКчылар менен милиция кызматкерлеринин мушташы боюнча өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 13-апрель күнү ыкчам жумушчу жыйын өткөрүп, «жаңжалдын күнөөкөрлөрү жаза алышсын» деп катуу талап коюп, Свердлов РИИБинин жетекчисин жумуштан убактылуу четтеткен. Өкмөт башчынын эскертүүсү тиешелүү деңгээлде таасир этпеди көрүнөт, ошол эле күнү Сокулук РИИБинин отуздай кызматкери Мыйзамсыз баңгисооданы көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү менен мушташып, алардын колунан «баңгизат сатты» деп шектелип кармалган кесиптешин сууруп кетишти. Далил затты ошол замат жок кылып салышкан. Премьер-министр кайрадан 15-апрелде жыйын өткөрүп, эскертүү берүүгө аргасыз болду. Жыйындын жыйынтыгында атайын комиссия түзүлүп, ага Башкы прокуратура башчылык кылмай болду.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg