Кылмыштуу дүйнөнүн лидерлеринин бири Камчы Көлбаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иш боюнча сот 18-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда башталды. Акыркы төрт айда УКМКнын СИЗОсунда отурган Көлбаев «ата журтчу» депутаттар сыяктуу жүдөй түшкөндөй көрүнбөйт, тескерисинче, чыкыя, келишимдүү кийинип келип, журналисттердин сотко катышуусуна каршы чыгып отурду.
Ага «адам уурдоо», «бийликтин өкүлдөрүнө кысым көрсөтүү», «мыйзамсыз баңгизат сактоо» сыяктуу бир нече беренелер боюнча кылмыш иши козголгон. Өзү «бул айыптоолор боюнча күнөөлүү эмесмин» деди.
Камчы Көлбаев 2012-жылы декабрда Дубайдан келип түшкөндө аэропорттон кармалган.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg