Класстык чиндерди берүүдө маянага кошумча 1 жылда 106 МИЛЛИОН сом сарпталарын ЖКнын депутаты Дастан Бекешев айтты.
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин демилгеси менен Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 30-апрелден 30-майга чейин МАКАЛДАРДЫН 1 АЙЛЫГЫН өткөрөт.
2013-жылдын алгачкы 3 айында Бишкекте 132 МИТИНГ болуп өткөнүн Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы кабарлады.
Үстүбүздөгү жылдын 3 ай ичинде «Ош электр» ишканасынан 17 ТЕКШЕРҮҮЧҮ иштен бошотулганын Энергетика жана өнөр жай министрлигинен билдиришти.
Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калманбетовдун айтымында, 2012-жылы 400 МИЛЛИОН сомдук электр энергиясы уурдалган.
Былтыр Кыргызстанда 100ГӨ ЖАКЫН өспүрүм өз өмүрүнө кол салган.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө гемофилия боюнча 330 АДАМ жабыркайт. Алардын жарымы жаш балдар.
Билим берүү жана илим министрлиги 34 АВТОМЕКТЕПТИН лицензиясын жокко чыгарганын, дагы 50дөн ашык мектептин ишмердиги 3 айга токтотулганын кабарлады. Учурда өлкөдө 200дөн ашуун автомектеп бар.
22-апрель күнү Ош шаарынын жашоочулары үчүн МАССАЛЫК ЧУРКОО уюштурулат.
Талас облустук Айыл чарба тармагынын башчысы Абай Шатмановдун маалыматына ылайык, фермерлер 8 айда чет өлкөгө 42 МИҢ ТОННА төө буурчак экспорттошкон.
Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси РАЙКҮЛ ЖАПАРОВА да камакка алынды. Эске салсак, Райкүл Жапарова рейдерлик басып алуучулук боюнча айыпталып келет.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
sagun
2013-04-23 18:17:05
тууй ата.чын эле митингстан экенбиз да э
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.