Айгерим Расул кызы бизге берген маегинде «жиним келсе кыз-эркегине карабай чаап салам» деп айтканы бар. Ал сөзү чын белем, ырчы кыздын МАИчинин мурдун канжалата чапкан видеосу интернет булактарына жайылып кетти.
ЧУУЛГАНДУУ ВИДЕО
Айгеримдин «эрдиги» тууралуу чуулгандуу видео 2012-жылдын ноябрь айында тартылыптыр. «Эрдик» дегенибиздин да жөнү бар, анткени ырчы айымдан жабыр тартканына МАИ кызматкери арызданып отурат. Жарым жыл илгерки видеонун эми ачыкка чыкканы да күмөн жаратпай койбойт экен.
«ӨЗҮН СЫЙЛАГАН КЫЗ КАТАРЫ МАИчини СОТКА МЕНЕН БИР ЧАПТЫМ»
Алгач эле видео мындай «разборкадан» башталат.
Айгерим: – Сен массың, пойдём, азыр текшерилебиз. Из тебя воняет! Эй, ты, как с девушкой общаешься?
МАИчи: – Ты девушка, что ли?
Айгерим: – А ты кто такой?! Ты кто тако-оой?! Кто тебе ...? Это я ...?!- деп сөгүнүп МАИчини башка койгулап баштайт.
– Это я – Айгерим Расул кызы-ы-ы!- деп барып, кызыл түстүү, номери жок БМВ үлгүсүндөгү унаасына отуруп алат.
Бир маалда ырчы кыздын апасы менен атасы Расул Маматкулов пайда болот. Апасы «уяты жок акмактар, кыз бала болчу, тем более известный. Кино тартып келаткан жеринен кармаптырсыңар. Мас болуп алып жүрөсүңөр, уяты жоктор! Оозуңардан жыттанып жатат!» деп МАИчиге асылып, жетонун жулуп алат. «Жетонумду бериңиз» деген инспекторго ал айым «министриңерге кирип алып алгыла» деп кыйкырып жүргөнүн көрүүгө болот.
Анан эле болжолдуу түрдө наркодиспансердин ичинде экөө тең камерага сүйлөп берип жатышат.
МАИчи: – Баш бербей койгонунан артынан кууп жеттик. «Мен – ырчымын, мени тааныган жоксуңарбы эмне? Мен – Расул кызы Айгериммин» дейт. Документтерин бербей, чыгып, орой сүйлөп баштады. Сөзгө келбей, сотка менен мурдума бир чапканынан телевидениени чакырдым.
Айгерим: – Артымдан кууп келип, токтотту. Сөгүнүп, укмуш сөздөрдү айтты, эми анын сөздөрүн кайталабай эле коёюн. Мени жакамдан кармап жулкулдатканынан өзүн сыйлаган кыз катары аны сотка менен бир чаптым. Андан спирт жыттанып жаткан. Жанымда отурган драматург Жаныш Кулмамбетов чыга калып «ай, эмне кылып жатасың?» десе, аны да бир чаап салды.
МАИ КЫЗМАТЫ ЖООП БЕРҮҮДӨН КАЧУУДА
«Бул окуя кандайча болду эле?» деп Жол коопсуздугу кыймылынын басма сөз кызматына кайрылсак, бири-бирине шылтап, эч кимиси ачык жооп бере алышпады. Ал эми Айгерим бул окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтты. «Ал күнү кино тартып, мен, режиссёр Жаныш Кулмамбетов жана эки актриса болуп келатканбыз. Жолдон МАИ токтотконунан токтогом. Видеодо көп жерин кесип салышыптыр. Ортодо инспекторлор менен келишпестиктер болуп кеткенинен унаама отуруп кетип калган элем. МАИчилер кайра артыбыздан кууп келип токтотушту. Бул былтыркы окуя, аны өзүбүзчө чечишип алдык. Балким, ал учурда инспекторлор да чарчап тургандыр, биз да кино тартып чарчап келаткан элек. Негизи, мен МАИ кызматкерлерин сыйлайм. Беш кол тең эмес дегендей, ар кандай адамдар болот экен да».
МЫЙЗАМ ИШТЕБЕСЕ УШУ ДА...
Бизде суроо туулат. МАИ кызматкери жаш ырчы кыздан жапа чегип, «жабырлануучу» катары видеодо сүйлөп берип жатат. Ырас, жүйөсүз эле «мен ырчымын, мени тааныбайсыңбы?» деп бетке чапса, анда эмнеге өз укугун коргой албады? Эмнеге өз учурунда видеону чыгарып, «мына, ырчы кызыңардын жоругу» деп элге жайбады? Айгерим «инспектор чарчап турса керек» деп жооткотуп жатканына караганда эки тарап чечишпей калган «разборканын» учугу эми чыкчудай.
Эгерде инспектордун айтымына таянсак...
Анда ырчыбы, башкабы, жол эрежесин бузса, мыйзам чегинде жооп бериши керек. Кала берсе маданият кызматкери болгон соң өзүнөн улуу кишини бетке урбай, сөз менен түшүндүрүп, ага да кулак салбаса, мыйзам чегинде өз укугун коргош керек.
Эгерде Айгеримдин сөзүнө ишенсек...
Анда инспектор айдоочуга алгач өзүн тааныштырып, анан жол эрежесин бузгандыгы тууралуу түшүндүрүп айтып, мыйзам чегинде гана чара колдонушу керек эле.
Кыргызстанга салыштырмалуу башка өлкөлөрдө чиновникпи, башкабы, эреже бузса мыйзам чегинде жооп беришет. Мисалы, Чехиянын Транспорт министри Вит Барта каттоо номери жок унаасы менен кармалып, жарым жыл айдоо укугунан ажыраган. Израилдин экс-транспорт министри Меир Шитрит жогорку ылдамдык менен баратканы үчүн ири суммадагы айып пул төлөп, үч ай айдоо укугунан ажыратылган. Бизде болсо мыйзам иштебей, бармак басты, көз кыстыдан арыла албай жаткан убак.
Азиза Абдирасулова,укук коргоочу:«МАДАНИЯТ АДАМДАРЫНЫН ЖОРУГУНА ТАҢ КАЛДЫМ»
– Маданият адамдарынын кылган бул жоругун көрүп таң калдым. Айгерим мейли, жаш кыз экен, кызуу кандуулукка алдырып жатат дейли. Апасынын жоругучу? Кызына «антпе» деп түшүндүрүүнүн ордуна ажылдап инспекторлорго атырылып жатат. «Кызым белгилүү ырчы» дейт, бирок мыйзам деген башка да. Кала берсе Айгеримдин унаасында номер да жок экен. Канчалык МАИчилер туура эмес иш кылса да, ар бир жаран мыйзамга баш ийүүсү зарыл. Эгер инспектор туура эмес кылып жатса, сотко кайрылып, мыйзам алдында чечүүгө укугубуз бар.
МАИчилер МЕНЕН МАСЕЛЕ ЖАРАЛГАН УЧУР БОЛДУ БЕЛЕ?
Айпери Кубик кызы:
– Менде МАИчилер менен маселе көп жаралбайт. Эгер эреже бузган болсом, айтышпай айып төлөп келем.
Максат Бегалиев:
– Күнөөм болуп токтотуп калса, дароо эле кечирим сурайм. «Өзүңөр белгилүү ырчы болгондон кийин уят эмеспи» деп уяткаргандар да болот. Бир МАИчи бар, аябай бетпак, көрсөм эле кыжырым келе берет. Бир жолу токтотуп же айып жазбай башка машиналарды карап туруп алып жиниме катуу тийген. Анын айынан уруша да кеткенбиз. Ошондон кийин ал тоссо, мен да байкамаксан болуп өтүп кетем. Ал да унчукпай кала берет. Айрымдар чынында жумушунан ашыкча пайдалана беришет. Ошого өзүнө жараша мамиле кылганга да туура келет.
Гүлнур Асанова:
– Мен көбүнчө телефон менен сүйлөшүп баратып же жол чырак кызыл күйүп баштаганда өтүп кармалып калам. Токтотуп калса, түшкөндө эле «ой, биринчисин кечирип коюңуз» десем, «сен бешинчи жолу мага кармалып жатасың» дейт бирөөсү. Көрсө, бир МАИчиге беш жолу түшүпмүн да.
Арсен:
– Биз, кыргыз эли, негизи эле орой болобуз. МАИчилер да ар ким менен сүйлөшө берип нерв болуп, ошондойго көнүп калышкан. Айрымдарында такыр этика деген жок. Ошолор менен кээде тил табыша албай кетем. Бирок элдик адам болгондон кийин эч ким менен урушкум келбейт. «Мейли, айып жазсаңар жаза бергиле, негизи адам бололу» деп коём.