ИЗДЕЙМ СЕНИ

Редакциябызга жакын­дарын, тууган-тууш­канда­рын издеп кимдер гана кай­рылбайт, кимдер гана кат жазбайт. Каттар жарыя­лан­ган соң табышып, катышып кеткендер көп.

«КЛАССТАШТАРЫМДЫ ТАПТЫМ»
– Урматтуу «Супер-Инфо» гезитинин жамааты! Сиздерге өз ыраазычылыгымды билдиргим келет! Себеби сиздердин «Издейм сени» аттуу рубрикаңыздар аркылуу көптөн бери издеп жүр­гөн класс­таштарымдын жетөөсүн таптым.

 Урматым менен Хусан Рахимбердиев

«СУПЕР-ИНФО», РАХМАТ, УУЛУМ АПАСЫНА ЖОЛУКТУ»
– «Супер-Инфо» гезитине терең ыраазычылыгымды билдирем. Анткени сиздердин «Издейм сени» рубрикаңыздар аркылуу уулум Эрланды 19 жылдан бери көрө элек апасы Тоюнгүл менен табыштырдым. Менин катым чыккандан кийин мурунку келинчегим Тоюнгүл келип, уулу менен көрүшүп, азыр эне-бала чогуу Балыкчы шаарындагы кайнежемдикине конокко кетишти. Дайыма биз сыяктуу издешкендерди табыштырып, эл керегине жарап жүрө бергиле!

Камчыбек Абакиров

«КАФЕДЕН ТААНЫШКАНБЫЗ»
– Саламатсыздарбы! Мен Балыкчыдагы Гуля жана Улук аттуу досторумду издейм. Алар менен 2012-жылдын 22-декабрында Балыкчы шаарындагы кафелердин биринен жолукканбыз. Мен силерди издеп жатам. Эгерде  гезитти окуп калсаңар, мени менен сөзсүз байланышкыла.

Наргиза, тел:0705747419, nargiza_0592kg@mail.ru

«ЭҢ ЖАКЫН АДАМЫМДЫ ТАПКЫМ КЕЛЕТ»
– Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун мурунку Будённый айылында 1986-жылы 24-сентябрда төрөлгөн Дүйшөн­бек кызы Гүлзахираны издейм. Ал менин эң жакын адамым болчу. Ага 2008-жылдын январь айынан тарта жолуга элекмин. Гүлзахира менен жолуккум келет. 

Таалайбек Токтобаев, тел: 0705 821126

«ЭЖЕМДИ ИЗДЕЙМ»
– Мен аталаш эжемди тапкым келет. Ал 1989-жылы Токтогулда туулган экен. Атам Бакиров Кожоакмат Адилович мен кичинекей кезимде каза болуп, эжемди таба албай калдым. Угушумча, апасынын аты – Замира, өзүнүн аты – Асел.
Бул катты окуп калсаңыз, мага телефон чалып коюңузчу.

Айгерим, тел: 8-967-882-67-94

«ДОСТОРУМДУ САГЫНДЫМ»
– 1988-1993-жылдары Целиноград шаарына (ЦСХИ) окууга тапшырып жана бирге окуган досторумду: Чоң Алай районунун Дароот-Коргон айылынан Маматимар Мааткеримов­ду (1967-жылы туулган), Тоң районунун Бөкөнбаев айылынан Болот Асанбаевди (1967), Чаткал районунун Ка­ныш-Кыя айылынан Нурлан Алимбаевди (1970) жана Орозду издейм.

Марат Сейталиев, тел.: 0773 947323, 0557 194888

«КОҢШУ БОЛЧУБУЗ»
– Айнагүл аттуу курбумду издейм. Ал Бишкек шаарынын Ак-Муз көчөсүндө жашачу. Экөөбүз коңшу элек. Кийин ал үй-бүлөсү менен Ала-Тоо жаңы конушуна көчүп кеткен.

Акылай, тел.: 0700 980399

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.

Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-26

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 546, 19-25-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан