14-апрель
Башталышы – 18:30 (өз убагында башталды)
Эң мыкты номер – Токтобек Асаналиевдин аткаруусунда «Ак булуттар»
Келген эл – Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын 100 пайызы
«Токтобек Асаналиев ырдайт» дегенди укканда эле ал күндү күтө баштагам, көз алдыга бирде шаңкылдай «Жаштарганы» созуп жатканы келсе, бирде «Боогачыны» муңканып ырдап жатканы келип.
Ал күн да келди, бардым. Филармониянын босогосунан колуна боорсок менен сары май салынган табак көтөргөн кыздар жылмая тосуп алышып, даам сыздырып киргизишти. Мындайда билеттин кымбаттыгына карайсыңбы, алдыңкы катардан орун алып, күтүп калдым. Сахнага боз үй тигип, алты бакан селкинчек орнотуп, бир капталга түтүн создуктура казан асып коюшуптур. Сахна абдан кылдаттык менен ойлонулуп жасалганы көрүнүп турат. Башталды. «Манас» айтылып, төкмөлөр алым сабак ыр айтышып, комузчулар күү чертип, айтор, кыргыздын өткөн бир шаңдуу күнүн элестеткен концерт. Жасалгасы эле эмес, сахнада жүргөн адамдардын баарынын кийимдери атайы ушул концертке арналып тигилип же элден чогултулуп келгенби, айтор, азыркы улуттук колориттеги «кычыраган» костюмдар эмес, көөнө кыргыз кийимдерин эстетти. Мына, Токтобек да чыкты сахнага шаңшып. Чү дегенде эле ашыгына жетпей калган жигиттин «күйдүм чогун» өтө бийик нотада баштап алганынан ичимден чочуп отурдум, «авазын үзүп албаса экен» деп. Жок, Кудай жалгап эки саатка созулган концерттин аягына чейин залды жара ырдап жатты.
Бул күнү кыргыздын көп ыры жаңырды. Көптөгөн ырларга анын аткаруусунда башкача жан кирерине күбө болдум. Мисалы, Элмирбек Иманалиевдин «Булбулум» деген ырын Элмира Кайып кызынын, Омардын аткаруусунда угуп жүрөбүз. Экөө тең Токтобектин аткаруусуна жетпейт экен. Токо бул ырды эргип ырдап жатканда залда, арт жактан «айт-уйт, ала жат!» болуп кыйкырып эле калышты. «Сахнадагы сүрөөнчүлөр ошол жакка өтүп кетиштиби» деп калдым. Табият бул ырчыга адамдардын арзуу-арманын ырга салсын деп укмуш бир үндү аянбай берип койсо керек, Омор Султановдун «Ак булуттарын» ырдап жатканында отурган эл жашып кете жаздады. Ырчыны билбеген бирөө укса «ии, ашыгына жетпей арманда калган жан го» деп ойлоору бышык. Келинчеги Саадат менен бактылуу жашап жатканын билбесем, мен деле ошентип ойломокмун.
Концертти койгон режиссёрго «бали» деш керек. Сахнада замандар байкалбай алмашып жатты. «Манас» айтып, алым сабак ыр айтышып, күү чертип, ак чөлмөк ойногон замандан кандайча Совет дооруна, андан кандайча бүгүнкү эстраданын заманына өтүп кетишкени байкалбай да калды.
Сахнанын бир капталындагы секичеде беш-алты жигит «айт эле, уйт!» деп ырдагандарды коштоп отурушканынан сүрөөнчүлөр окшойт деп ойлогом. Жок, көрсө, укмуш өнөрлүү балдар экен, комузда кол ойнотуп, кыргыздын мыкты күүлөрүн аткарып беришти. Баарынан кызыгы, концерт Совет дооруна келгенде болду. Пионерлер сахнадан улам ары-бери өтүп, марш тээп, алдыда боло турган колхоз жыйынына даярданып жатышкан. Чачы тармал, көз айнекчен бир кыз топтон адашып, улам элди көздөй жөнөйт, улам «вожатыйы» жетелеп кетет. Көрсө, кадимки ырчы Каныкей экен. Ортого чыга калып «Кара чаңын» ырдап, Токтобекти өзүнүн «фирменный» бийине бийлетип салды. Болгону Каныкейдин үнүбү же деми жетпейби, элди бир аз кыжалат кылды.
Колхозчулардан куралган хордун ырына эл ушунчалык кол чаап ыраазы болду дейсиз, «Хор Турецкого» жөн эле жолдо калды. Булар кимдер болду экен, мыкты ырдаган десем, көрсө, Абдылас Малдыбаев атындагы Опера-балет театрынын хору экен.
Кээде саясатташып кеткен Маданият жана маалымат министрлигине нааразы болот киши. Көкүрөгү жардыланып турган элине азык берип, дем берип жаткан ушундай таланттуу балдарды дегеле байкабайт. Адилет баа берчү болсо, Токтобек «Эмгек сиңирген артистти» эмгиче эки ирет алмак.
«Жаз да башка, жел тийбесин абайла. Көпкө турбас мобу турган сур булут. Бүт дартыңды өз мойнума алайын, Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!..» концерт Токтобектин аткаруусунда Алыкулдун ушул саптары менен аяктады. Чын эле Ата Журтубузду каптаган бул сур булут көпкө турбас деген илгери үмүт, жакшы тилек менен тарадык.
Толик Сынчы
star@super.kg