Дүйнөдө сейрек кездешүүчү айгүл гүлү гүлдөдү. Бул гүлдү көрүп, кооздугуна суктануу үчүн Баткен жана Лейлекке (Катыраң айыл өкмөтүнүн аймагында) Кыргызстандын туш тарабынан келишүүдө. Анткени айгүл гүлү аталган аймактарда гана өсөт. Окурман, сиздер үчүн Баткендеги Айгүл таш тоосунан репортаж.
КОҢГУРООДОЙ ГҮЛ ТУУРАЛУУ
Бул гүл Баткендин Айгүл таш тоосунда өсөт. Тоо Баткен шаарынан 17 чакырым алыстыкта орун алган. Гүл таштуу жерлерде өсө тургандыктан, тамыры да терең жайгашкан. Кызыгы тоонун күңгөй тарабында эмес, тескей тарабында өсөт. 1978-жылы СССРдин кызыл китебине, 2004-жылы Кыргызстандын кызыл китебине киргизилген. Боюнун бийиктиги 1,5 метрге чейин жетет.
2004-жылы Баткен облусунун администрациясы тарабынан 300 гектар жер «Айгүл коругуна» бөлүнүп берилген. Ал жерде азыр гүл корулуп, көбөйтүлүүдө. Апрель айында гүлдөп, гүлү 10-15 күндөй сакталып турат.
Айгүл гүлүнүн илимий аталышы – Эдуарддын чаар гүлү. Эртең менен гүлдүн ичинен чоң шүүдүрүм тамчыларын байкоого болот. Жергиликтүү эл муну сүйүшүп, бирок тилектерине жетпей калган эки жаштын көз жашы дешет.
Баткенден тышкары Иран, Ирак, Гималайда (Кашмир, Жамму), Түркиянын түштүк-чыгышында, Ооганстанда өсөт.
Бегайым Тажибай кызы
kenesh@super.kg