БАТКЕНДЕ ЭЛ АРАЛЫК ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ФОРУМ ӨТӨТ

Баткен облусунда 26-апрель күнү өтө турган Эл аралык инвестициялык форумга кызуу даярдыктар көрүлүүдө. Бул форумга Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин 6 депутаты, 7 министр, 24 мамлекеттин элчилери, 29 эл аралык донордук уюмдар, Кыргызстандын башка облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн келүүсү күтүлүүдө. Форумга расмий түрдө 142 делегат катталган. Жергиликтүү өкүлдөр кошулуп, 320 киши катышат.
«Учурда облустун бардык район-шаарларында аталган форумга кызуу даярдык көрүлүүдө. Бул форумга катышуучулар үчүн чоң жарманке уюштурулуп, Баткендин кереметтүү жерлерине сапарлар уюштурулат»,- деп билдирди өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат-катчысы Мамажан Бердишев.

Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 546, 19-25-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан