Кадамжай районунун Ормош айылындагы жалгыз орто мектеп – бүгүнкү күндө Бирлик айыл өкмөтүндөгү 3 айылдын окуучуларынын билим уясы. Аталган айылга келип билим алган Сур айылындагы окуучулардын ата-энелери демилге көтөрүп, айылга ашар жолу менен башталгыч мектеп курууга бел байлашкан. Бирок жердин жоктугунан мектептин курулушу башталбай калган.
Аталган мектепке кошуна айылдардан окуучулар 4-5 чакырым алыстыктан келип кетишет. Анан да үч айылдын балдары бириккенде мектепке батпай да калышат. Мектептин директору Султан Ташбаев мындай дейт:
– Өз балдарынын ушундай катаал шартта билим алып жатканына ичи күйгөн ата-энелер демилге көтөрүп, Сур айылына ашар жолу менен болсо да мектеп курууну чечкен. Бирок мектеп курганга жер жок. Башкача айтканда, мамлекет тарабынан Сур айылында социалдык объекттерге эч кандай жер тилкеси бөлүнгөн эмес, бардык жерлер жеке менчикке өтүп кеткен. Өз күчүбүз менен болсо да мектеп куралы деген элдин демилгесин колдоп, бирок жер бөлүп бере албаган айыл өкмөттүн ишине элдин кыжыры келүүдө. Жергиликтүү эл мурда жерди бөлүштүрүү мыйзамсыз болгонун айтышууда. Сур айылынын тургундары «мына ушундай жетекчилердин айынан өлкөбүз өнүкпөйт. Эгерде жакынкы күндөрдө бул маселени чечпесе, митингге чыгып, жол тосууга аргасыз болобуз» деп эскертишти.
Бегайым Тажыбай кызы
batken@super.kg