«XX КЫЛЫМДЫН АПААТЫ – ЧЕРНОБЫЛЬ БИЗДИН ТАГДЫРГА ЖАЗЫЛСА КЕРЕК»

Кыргызстан СССРдин курамында турган мезгилде, 1986-жылы 26-апрель күнү каргашалуу окуя болуп, Украина мамлекетинин Чернобыль шаарында жайгашкан «Чернобыль» атомдук электростанциясындагы атомдук реактор жарылып кеткен. Жарылуунун натыйжасында шаардын жанындагы көптөгөн кыштактар да ууланган. Алар мамлекет тарабынан башка жерлерге эвакуацияланып, радиация алган турак жайлар жок кылынган. СССРдин курамындагы бардык республикалардан аскерлер чакырылып, ууланган жерлерди тазалоо башталып, Кыргызстандан да көптөгөн атуулдар жардамга барышкан. Алар ууланган жерлерди тазалоо менен бирге өздөрү да ууланып чыгышкан. Алардын бири, Баткен районунун 56 жаштагы жашоочусу Турсунбай Токтоев өз тагдырын айтып берди.

– Турсунбай мырза, Чернобыль шаарына кантип барып калдыңыз эле?
– Мен 1976-жылы аскер кызматын өтөп келгем. Ал эми 1987-жылы кайра 6 айлык кызматка чакырылган элек. Бизди аскер бөлүгүнө чакырып, даярданууга 3 күн берген. Кайсы жакка барарыбызды сураганда «Казакстанга буудай жыйнаганы барасыңар» деп айтышкан. Бирок Ош шаарына барганда аскердик кийимди кийгизип «Ата Мекенди коргоого даярсыңарбы? Силер Чернобыль шаарына, атомдук электростанция жарылган жерге барасыңар» дешти. Ошентип, Баткен району боюнча 7 адам аталган шаарга жөнөп кеттик. Чернобылда 2 шаардын, 140 кыштактын жашоочуларын көчүрүп кетишкен экен. Алар бир гана документтерин алып чыгып кетишиптир. Үйлөрүндөгү буюм-тайымдарынын баары ордунда турат. Биз да реактор жарылган жерден 70 чакырым алыстыкта жашап, барып-келип иш­течүбүз.

– Радиациянын очогуна бар­ганы­ңыз­дарды билгенден кийин артка кайтабыз деп чыр чыгаргандар болдубу?
– Биздин радиация жөнүндө түшүнүгүбүз деле болгон эмес. «Ата Мекенди коргоо – биздин милдет» деп кете бергенбиз. Радиация жөнүндө түшүнүктү атомдук электростанцияда иштеп жатканда биле баштаганбыз. Энергоблокто бизге чейин барган 12 миң адам иштеп жүргөн экен. Алардын «бул радиация жаман, организмге сиңип калат» деген сөздөрүн уккандан кийин бизде коркуу пайда болду. 70 чакырым алыстыктан келип, атомдук жарылуу болгон жерге 12 чакырым калганда автобустарды алмаштырар элек. Андан ары ууланган унаалар менен кетчүбүз. Радиация ушундай шумдуктуу нерсе экен, адам организмине эле эмес, темирге сиңсе да чыкпайт тура. Темирди кайра эриткен учурда да радиация жок болбойт.

– Чернобылда эмне жумуш кылгансыздар?
– Энергоблокту тазалоо менен алектенгенбиз. Ууланган үйлөрдү атайын аппарат менен текшерип, ууланган бөлүгүн жерге көмүү иштерин кылганбыз. Эгер үйдүн бир дубалына чачыраган болсо, ошол жерин көчүрүп, кайра шыбап оңдоп чыкчубуз.

– Радиациядан коргонуучу атайын кийимдерди кийип жүрчү бе­ле­ңиз­дер?
– Бул уулануудан бир гана коргошун сактап калат экен. Биз атайын коргошундан жасалган кийим кийип 5-10 мүнөт иш­течүбүз. Бир ки­йимдин салмагы 50-70 килограммды түзөт. Атайын уулануунун деңгээлин өлчөп туруучу аппарат берген. Аны кийимибизге тагып алчубуз. Аскерлер үчүн уулануунун нормасы 10 крест болушу керек эле. Ар 15 күндө аны текшерип, кээ бирине 9, 8, 10 деп жазып берчү. Бирок биздин канчалык деңгээлде ууланганыбыз купуя сыр боюнча калды окшойт.

– Ден соо­лу­гуңузга радиациянын таасири тийдиби?
– Алгач эч кандай билинген эмес, ас­кердик кызматты өтөп келгенден кийин гана таасири тие баштады. Кээ биринин чачы, айрымдарынын тиши түшөт, ал эми дагы биринин эски оорулары козголот. Эч кандай ишке жарабай, «3-топтогу майып» деген документ менен пенсияга чыкканбыз. Азыркы тапта Чернобылга баргандардан бешөөбүз калдык. Экөө оорудан каза болду. Сыртыңдан соо адамдай көрүнгөнүң менен, ички органдарың жабыркай берет. Айрым ооруларга дарыгерлер да толук аныктама бере алышпайт, өзүң да түшүнбөй ооруй бересиң.

– Сиздерге мамлекет тарабынан материалдык жардамдар көрсөтүлүп турабы?
– Ооба, 4000 сом пенсия алам. Мындан сырткары дарылануучу жайларга мамлекет тарабынан жолдомолор берилет. Дарыланууда жеңилдиктер каралган.

– Чернобылга барганыңыз үчүн өкүн­бөй­сүзбү?
– Биз бардык, демек, бул биздин тагдырыбызга жазылган иш. Мен ошол кездеги атуулдук милдетимди аткардым. СССРге кызмат кылдыкпы же Украинагабы, кайсынысына болсо да өзүбүздүн элибиздин атынан барып жардам көрсөттүк.

– Уунун таасири балдарга да берилиши мүмкүн деп айтышат...
– Аны так айтуу кыйын, себеби дарыгерлер да биздин айрым ооруларыбызга так диагноз коё алышпайт. Мен Чернобылдан келгенден кийин 4 кыздуу болдум. Азыр алардын ден соолугу жакшы. Мендеги уулануунун таасири алардын эч биринде жок. Бирок бизде да уулангандан кийин эле таасир билинген эмес болчу, кийин аныкталды. Кудай эле сактасын деп жашап жүрөбүз.
Маектешим мактанган да, кокуй-наалатын айтып даттанган да жок. Бизде дал ушундай Ата Мекен алдындагы милдетин билген адамдар көп болсо деген тилек менен коштоштум.

   

Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Suluwka_1992
2013-04-22 09:16:34
ЭЭхх...оорубаныз. Сиздердей адамдар коп болсун.
+5
angeluma
2013-04-22 14:47:26
Мен бул адамды жакшы тааныйм, баткенде Чернобыль деген магазини бар, магазинине кундо келип ошол жазууну окууганда ал кун коз алдына элестейт болуш керек. Жанынан дагы атуулдук милдетин бийик койгон адамдар коп болсун сизге таазим!1
+2
bekzat.4496
2013-04-23 09:46:42
эскеруу куну менен
0
inoplanetyanin
2013-04-23 14:13:56
densooluk bersin Kudaiym!
0
abu_kg
2013-04-26 20:07:39
Азаматсыз! Азыр биздин Кыргызстанга атуулдук милдетти сиздердей бийик туткан атуулдар жокко тете. Атуулдук аруу милдетке сугарылган жаштар коооп болусун! Аллам өзү атуулдук милдетти инсандардын жүрөгүнө орнотсун!
+1
№ 546, 19-25-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан