Бул окуя мага залкар кинорежиссёр Төлөмүш Океевдин «Сүйүү закымдары» тасмасындагы кичинекей Маанини элестетти. Анткени 25 жаштагы сүрөтчү Калыс мындай кооз эмгектерди сол колу менен жаратат.
«ТАЯКЕМДИ УСТАТЫМ ДЕП ЭСЕПТЕЙМ»
– Мен кичинекей кезимден эле сүрөткө абдан кызыкчумун. «Эмне тартсам?» деп зарыл болбосо деле кээде таң аткыча ойлонуп чыкчумун. Кыскасы, сүрөт тартуу төрөлгөндөн бери келе жаткан, Кудайдан берилген талант десем да болот.
Ата-энем – мугалим. Атам ар кандай буйрутмалар менен бир нерселерди чиймелеп калат. Өзү иш билги адам. Апам да кыргыздын орнаменттерин чийип атагы чыккан. Көп эле оймо-чийме көрөм, бирок апамдыкындай оюуларды кезиктире элекмин.
6 жашымда, тагыраак айтканда, 1994-жылы ойноп жүрүп жыгылып кетип, колумду катуу кокустатып алгам. Үйгө келсем «сынып калыптыр» деп ооруканага алып жөнөштү. Дарыгерлер туура эмес дарылап коюп, оң колум кыймылдабай, минтип иштебей калды. Бирок мен кичинемден өзүмө максат кылып койгон сүрөтчүлүк жан дүйнөмө тынчтык берген жок. Акыры сол колум менен сүрөт тартууну өздөштүрө баштадым. Кийин менин жөндөмүмдү байкаган таякем сүрөт тартуунун ыкмалары, боёк тандоо, андагы жанрлар тууралуу үйрөттү. Анткени ал да сүрөтчү. Аты-жөнү – Аман Чилдебаев. Учурда Бишкекте Искусство галереясында иштейт. Аны устатым деп айта алам.
Мектепти аяктап, Бишкектеги Тургунбай Садыков атындагы Сүрөт академиясына тапшырып, окуп баштадым. 1-курсту бүткөндөн кийин шартка байланыштуу окуумду уланта албай калдым. Кайра Кочкорго келип, сүрөтчүлүктү тар чөйрөдө өнүктүрүүнү баштадым.
«КУПУЛУМА ТОЛГОН СҮРӨТ ТАРТА ЭЛЕКМИН»
– Азыр ушул сүрөт тартуу менен эле үй-бүлөмө киреше алып келем десем болот. Көбүнчө пейзаж тарткандан ырахат алам. Төрт мезгил мага ар башкача эргүү берет. Болгон күч-аракетимди жумшасам да, ушул кезге чейин көңүлүмө толгон бир да сүрөт тарта элекмин. Бардык сүрөтүмө бир нерсе жетишпей жаткансыйт. Көрүүчүлөр жактырып, буйрутма беришип, сатып алып кетишет. Купулума толбогон сүрөттөрдү кымбат баада сатууга деле абийир жол бербейт экен.
Мен өз талантымды баалаганым менен, тарткан сүрөттөрүмдү өтө аша чаап көкөлөткүм келбейт. Себеби мага теория жетишпейт. Билимимди улантып, ыйык талантты жалаң буйрутма менен сүрөт тартып кордобой, келечекте атайын көргөзмөлөрдү уюштуруп, элге кичине болсо да эстетикалык эргүү тартууласам дейм. Анткени мага «апамды, баламды тарт» деп көп келишет. Натыйжада бирөөнүн же бир нерсенин келбетин, сөлөкөтүн полотного көчүрүү менен чектелип, чыгармачылык эргүүгө чек коюлуп, фантазия экинчи планга чыгып калат. Чыныгы сүрөтчү болом деген адам арзыбаган акчага бир нерсенин сөлөкөтүн эптеп-септеп чүргөй коюп кармата салбашы керек. Мен өзүмдү билимдүү сүрөтчү катары эмес, таланттуу сүрөтчү катары көрөм. Мисалы, боёкторду тандоодо өзүмдүн акыл-туюмума таянып, ошого ишенип тандайм. Эгер менин ордумда теорияны билген сүрөтчү болсо, ал ар бир боёктун аралашмасын ченем менен кошуп, 3-4 өңдү бириктирип бир өң чыгарып, сүрөттөргө жан бермек. Мен көбүнчө сүрөттүн өзүн тарткандан мурда өң-түстү төп келиштире алат болдум бекен деп көбүрөөк түйшөлөм.
Эмгектеримди Бишкектеги баалар менен салыштыра албайм. Эң кымбат баага татыган эмгегим деп 25000-30000 сомдун тегерегинде сатылган сүрөттөрүмдү эсептейм.
Учурда 25 жаштамын. 5 жыл мурун үй-бүлө кургам, 2 баланын атасымын. Албетте, бардык мүчө толук кандуу кыймылда болгонго не жетсин, бирок Жаратканга наалатым жок. Мындан күчтүү сыноо болсо деле чыдамакмын. Азыр менин көңүлүмдүн чордонунда турган жалгыз максат – эмгектеримди элге тартуулап, Кыргызстанга таанымал сүрөтчү болуу. Көргөзмө уюштуруп алсам, көксөөм сууп калат эле...
Калыс мырза менен маектешип алып, анын тарткан сүрөттөрүнө көз жүгүрттүм. Чындыгында ал сүрөттөрдү карап туруп адам эс алат экен. Теңирден берилген талантты эч нерсеге карабай багып кетиштин өзү эле канчалаган түйшүктү жаратарын түшүндүм.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg