13-апрель күнү Каракол шаарындагы Касымаалы Жантөшев атындагы драма театрында белгилүү мамлекеттик ишмер Апсамат Масалиевдин 80 жылдык мааракеси белгиленди. Мааракеге вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, Апсамат Масалиевдин жакын туугандары, замандаштары, эмгек ардагерлери, райондук, облустук жана шаардык күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Маараке мамлекеттик ишмердин басып өткөн жолу тууралуу даректүү тасма көрсөтүү менен башталып, андан соң өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Асанакунов доклад жасады. Атактуу ишмерди эскерүү иш-чарасы чакан концерттик программа, көргөзмө менен коштолду.
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg