Караколдо 18-21-апрель күндөрү ардагерлер жана жаштар арасында шахмат боюнча облустун биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынан Жаштар жана спорт бөлүмүнүн жетекчиси Улан Кыдыров билдирди. Бул мелдеш Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ардактуу профессору жана шаардык ардагерлер кеңешинин мурдагы төрайымы, маркум Салима Орозбаеванын жаркын элесине арналып уюштурулууда.
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg