Жамиля Бактыбек кызы:«СУПЕРФУТБОЛГО ОЙЛОНБОЙ ТУРУП ОЙНООНУ ЧЕЧТИМ»
Жамиля Бактыбек кызы
«Z-fashion Мода» командасынын капитаныТуулган жылы, күнү – 1990-жыл, 29-декабрь
Туулган жери – Бишкек шаары
Параметри – 88-60-88
Моделдик менен 17 жашынан тарта алектенет
Футбол менен мектеп жашынан тарта тааныш
Суперфутболдогу максаты – Татыктуу оюн көргөзүү
– Жамиля, айтсаң, футбол ойноо пикири кандайча жаралып калды?
– Билесизби, мен мектепте окуп жүргөндө эле футболго жакын болчумун. Өзүм футболду сүйүп көрөм. Ошол себептүү Суперфутболго чакыруу түшкөндө ойлонбой туруп макулдугумду бердим.
– Команданын даярдыгы кандай жүрүп жатат?
– Жаман эмес. Моделдер маал-маалы менен ойноп жатабыз.
– Моделдик менен футболдун окшош жактарын издеп көрдүңүз беле?
– Ооба. Экөө тең көп эмгекти талап кылат.
– Мелдешке кандай максаттар менен келесиңер?
– Бизде чемпион болуп жиберебиз деген деле ой жок. Биринчи жолу катышып жатабыз, тажрыйбабыз башка командаларга салыштырмалуу азыраак. Андыктан өзүбүздү, өз оюнубузду кийинки мелдештерге чакырыла тургандай деңгээлде көргөзгөнүбүз жетиштүү.
Гүлназ Касымбекова, «Супер сулуу-2012» сынагынын "Ажарлуу сулуу" наамынын ээси, «SELA» командасынын оюнчусу:«ФУТБОЛ ОЙНОП МЕДАЛЬ ТАГЫНГЫМ КЕЛЕТ»
– Өткөн жылы "Супер сулуу" сынагына катыштың эле. Быйыл Суперфутболдон көрөт экенбиз. Сенин оюңду укпайлыбы...
– Өзүм футболду сүйгөндүктөн, аны ойноого да каалоом күч. Мен португалиялык футболчу Криштиану Роналдунун оюндарындагы чеберчиликтерин, голдорун баалайм. Андыктан чабуулдук сызыкта ойногум келип жатат. Негизи, кичине кезимден эле спорт менен таанышмын. 7-классымдан тарта лицейлер арасында өткөн волейбол боюнча мелдештерге катышып, күмүш, коло медаль тагынып көргөм. Суперфутболдо да медаль тагынгым келет.
Канатбек Маматов, «SELA» командасынын капитаны:«КОМАНДАДАГЫ КЫЗДАРЫМА ИШЕНЕМ»
– Канат мырза, Суперфутболго командаңызды өзүңүз баштап чыгарыңыз бизди кубандырды. Себеби биз сизди КРнын Ардагерлер Лигасынын мыкты бомбардири катары билебиз...
– Рахмат. «Топ Юнайтед» командасынын курамында Ардагерлер Лигасында ойноп жүрөм. Эми жаштар менен тең ата чуркап, Суперфутболго катышуу алдында турабыз.
– Сиз ойноп, башында турган «Топ Юнайтед» командасы былтыр Ардагерлер Лигасында 2-орунду ээледи. Эми сиз «SELA» командасынын башында туруп, Суперфутболдо кандай максат койдуңуз?
– Биз алгачкы оюндарды утуп, байгелүү делген 3 орундун бирин ээлешибиз керек деп жатабыз. Биздин командада футбол сүйүүчүлөрү чогулган. Азыр даярдануудабыз. Курамда көптөн бери футбол ойноп жүргөн кыздар бар.
– Кыздарыңызга ишенесизби?
– Албетте, ишенем! 5 кыз майданда бизге чоң күч болуп берет. Мурунку жылдары Суперфутболдо 2 эле кыз ойночу эмес беле. Алар көрүнбөй деле калчу. Азыр 5 кыз деп туура чечим чыкты. Анткени оюнда кыздар бар экени даана байкалат.
Азамат Нуралиев, "Super.kg" командасынын капитаны:«КЫЗДАРЫБЫЗ БИР ЭМЕС, ЭКИ ЖИГИТТИН ОРДУН БАСАТ»
– Былтыркы жылы www.super.kg порталындагы күйөрмандардын ичинде силердин оюнга ичи чыкпагандар көп болду эле...
– Быйыл былтыркыга караганда даярдыкты эрте баштадык. www.super.kg порталынын колдонуучулары арасында чакан мелдеш өткөрүп, курамды жаңырттык. Азыр команда футбол өтчү датаны өзгөчө сезимдер менен күтүп жатат. Форумда болсо бизди Дүйнөлүк чемпиондукка узатып жаткандай каалоо-тилектер айтылып, баталар берилүүдө. Моюнга алуу керек, бирок былтыркы Суперфутболдо биздин деле ичибиз ооруп калган. Былтыр мелдешти жеңебиз деген жеңил ой менен келсек, быйыл мыкты оюн көрсөтүүнү көздөп жатабыз. Кыздарыбыз "бир эмес, эки жигиттин ордун басабыз" деп катуу даярданып жатышат. Жалпысынан команда оюнга даяр.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg