Бишкек шаарында 3 кылмышкер тоноо үчүн пенсионердин үйүнө кирип, үй кожойкесинин кызын зордуктап салышкан. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы билдирди.
Бир нече күн мурун 25-30 жаштардагы 3 кылмышкер 65 жаштагы аялдын үйүнө киришип, аны бычак такап коркутуп, акча талап кылышкан. Андан соң апасынын көзүнчө анын 38 жаштагы кызын зордукташып, 6 миң сом, DVD-плеер, плазмалык сыналгы, компьютер, алтын сөйкөлөр жана 2 уюлдук телефонду олжологон кылмышкерлер белгисиз тарапка из суутуп кетишкен.
Көп өтпөй милиция кызматкерлери тарабынан 25, 26 жана 28 жаштардагы Талас облусунун тургундары колго түшүрүлгөн. Алардын экөөсү мурун уурулук кылганы үчүн соттолгону белгилүү болгон. Тергөө учурунда аныкталгандай, бул алардын биринчи кылмышы эмес. Кылмышка шектелип кармалгандарды башка жабырлануучу да тааныган. Бул үчөө үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинде Бишкек шаарынын 43 жаштагы тургунунун үйүнө кирип, бычак менен коркутуп 33 миң сомун жана алтын буюмдарын тоноп кетишкен. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg