ӨКМӨТ АКЕ, КӨЗ САЛЧЫ! ЖАШТАР ТЕАТРЫ УРАП КАЛУУ КОРКУНУЧУНДА

ТАРЫХЫНА ҮҢҮЛСӨК

  • 1989-жылы 3-мартта Кыргыз ССРинин өкмөтүнүн чечими менен Жаштар театры ачылган.
  • Театрдын алгачкы директору Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ишенбай Төкөлдөшов, башкы режиссёру Б.Абдылдаев болгон. Негизги труппаны Москвадагы Щепкин атындагы театралдык студияны бүтүргөн жаш артисттер түзгөн.
  • 1994-жылдын октябрь айында туруктуу имараты жок Жаштар театры азыркы имаратка (Пионерлер үйү) көчүп кирген. Ушул кезге чейин бир да капиталдык оңдоп-түзөө иштери болгон эмес.
  • 2005-жылдын 25-декабрында бул мекеме кыргыз театрынын жылдызы Бакен Кыдыкееванын атын алган.

МАДАНИЯТ – КООМДУН КҮЗГҮСҮ
Маданият – коомдун күзгүсү. Калкыбызга рухий азык тартуулап келе жаткан маданият кызматкерлери мамлекет тарабынан түзүлүп берилиши керек болгон шарттын начардыгына карабай эмгектенип жатканын көрүп ичиң жылыйт. Кезинде замандаштарыбыз китеп десе жата калып китепканалардан башы чыкпай, спектакль десе театрдын эшиктерин жыртышчу эле. Азыр театр, опера, балет дегендер унутта калганын моюнубузга алышыбыз керек. Бүгүнкү биз сөз кылчу көйгөй дал ушул маданият тармагына байланыштуу.
Атактуу актриса Бакен Кыдыкееванын атын алып жүргөн Кыргыз мамлекеттик жаштар театрынын имараты төрт мас жөлөнсө көчүп кетчүдөй абалда дегенин угуп, аталган жайга бет алганбыз.

СЫРТЫН КӨРҮП, ИЧИН ЭЛЕСТЕТЕ БЕР...
«Эшигин көрүп төрүнө өт» демекчи, Жаштар театрынын имаратынын сыртын карап, ичин көз алдыма элестетип койдум. Жанынан өтүп бара жаткан адам бул имаратты «аа, илгерки Пионерлер үйү каралбай ташталып калган го» деп өтүп кетмек. Анткени сыртында «Пионерлер үйү» деп жазылып турат.
Жаштар театрынын бул имаратка көчүп келгенине 19 жыл болуптур. Бул жылдар аралыгында жарытылуу оңдоп-түзөөлөр жүргүзүлбөгөн театрдын абалына кейийсиң. Имараттын эскирген терезелерин көрүп, кадимки абакты элестетесиң. Дубалдын шыбактары көчүп, түбүнө цементтин күкүмдөрү чогулуп калган. Айтылуу бир ойчул «элди кыйратам десең, биринчи маданиятынан башта» деген экен. Анын сыңары биздин, болгондо да «мамлекеттик» деген статусу бар маданий жайыбыздын абалы мышык ыйлагыдай болуп турса, кайсы элдин маданий баскынчылыгына туруштук бере алабыз?! Болот Бейшеналиев, Бакен Кыдыкеева өңдүү залкарлардын таманы тийген имараттын эшиги чирип, отунга да жарабачудай. Театрга киргенде көзүңө эскилиги жетип, сыры өчүп калган полдун тактайлары, дат баскан жылытуучу батареялар урунат. Шыпты карасаң, чатырдан түшкөн суу түз эле келип чириген полго куюлат экен. Ал жерге театрда иштегендер алмак-салмак чака коюп, сууну кышы-жайы дебей ташып, төгүп турушарын айтышты. Мени таң калтырганы, театрда иштеген артисттер кышында кантип жеңил көйнөк кийип залда спектакль коёт деген ой болду. Анткени театрдын чоң бөлмөлөрүн эч бир жылыткыч жылыта албачудай.
Имараттын кейпи кетип, ичи-сырты ушундай, окурман. Буга көңүл бөлчү министрликке болсо креслого бирөөсү келип, кайра кетип, мурдагысы кайра кайтып, айтор, ак терек, көк терек деген менен алек!

Бизге гид болуп театрдын бөлмөлөрү менен тааныштырып жаткан адабий бөлүмдүн башчысы, акын, драматург ЧЫНАРА КАЛЫБЕКОВА көйгөй тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:«ИМАРАТ БАКЕН КЫДЫКЕЕВАНЫН АТЫНА ТАТЫКСЫЗ»
– Бул имарат Бакен эженин атына татыксыз. Театр өзү кийим илүүчү жайдан башталат эмеспи. Өзүңөр көрдүңөр, бизде мындай жай жок, көрүүчүлөр түз эле сахнага киришет. Кетип баратып «ушул да театрбы?» деп кетишет. Мунун баары оңдоп-түзөө иштеринин, каражаттын жоктугунан. «Бала ыйлабаса эмчек кайда» дейт эмеспи, Мындан 3-4 жыл мурун чуркап жүрүп Султан Раевдин жардамы менен артисттердин айлыгын көтөрткөн элек. Эми оңдоп-түзөө иштерин да карап берсе жакшы болмок.
Учурда «үңкүр да болсо үйүм бар» деп тобокелге салып иштеп жаткан кезибиз. Кайдан билебиз, имарат кайсы күнү урап түшөрүн?! «Чычкан аке, суу берчи» деп эле өкмөттү карап жалдырап отурабыз. Биздин өтүнүчүбүздү өкмөт оң жагына чечип, ушул имаратты толугу менен биздин көзөмөлүбүзгө өткөрүп берсе деген үмүттөбүз. Анан да ажаткана жаңы курулган. Көрүүчүлөр да, театрдын кызматкерлери да бир ажатканага киришет. Өзүнчө ажаткана болсо. Көрүүчүлөрдөн да аксайбыз, азыр өзүңүздөр билесиздер, мурункудай театрды көздөй агылган элдин агымы басаңдап калган. Эстетикалык рахат алууга эч кимдин убактысы жок, баары көр тирилик менен алек.

Жаштар театрынын жетекчиси,КРнын Эмгек сиңирген артисти ЭГЕНБЕРДИ ЧАЛАБАЕВ:«ТЕАТР МЫЙЗАМДУУ ТҮРДӨ БИЗДИН КАРАМАГЫБЫЗДА ЭМЕС»
– Мен бул театрды жакшы билем, өзүм да актёр болгондуктан, чыгармачыл адамдардын жан дүйнөсүн жакшы түшүнөм. Жетекчиликке ушул жылдын 5-апрелинен баштап келдим, мындан ары көзгө көрүнүктүү өзгөрүүлөрдү киргизейин деп аракет кылып жатам. Мен келгенде эң жагымсызы, Эл артисти, Эмгек сиңирген артисттер, жаш актёрлордун бир кийинүүчү бөлмөнү колдонушары болду. Анын ичинде карысы бар, жашы бар дегендей, бул этикалык нормаларга жатпайт, жат көрүнүш.
Максатыбыз – чыгармачыл топко колдон келишинче шарт түзүп берүү. Азыр баары «муну оңдой калалы, тигиндей кылалы» деп жапа тырмак аракет жасап жатышат. Демек, үмүттүн кандайдыр бир шооласы бар. Бул имаратты Жаштар театрына 1994-жылы беришкен. Бирок документтештирилген эмес. Кыскасы, же ээси эмеспиз, же ижарага алган эмеспиз. Ушул имараттын жарым бөлүгүн толук өзүбүздүн карамагыбызга өткөрүп берүү өтүнүчү менен тиешелүү органдарга кайрылып жатабыз. Эгер жөн эле оңдоп-түзөө иштерин жүргүзө берсек, «эмне үчүн өзүңөргө карабаган имаратты өкмөттүн акчасына оңдоп-түзөп жатасыңар?» деп бизге айып тагышы мүмкүн. Азыр башын чечип алалы деп жатабыз. Антпесе имарат Маданият министрлигинин алдындагы улуттук маданий борбордун балансына карайт.

Лунара Бекиева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жаштар театры урап калуу коркунучунда
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
kgul
2013-04-29 16:59:00
Биз бая куну барып алып басып калбаса екен деп корктук, калын кар тушсо же, бир аз жогорку баллдагы термелуу болсо кочуп кетиши толук мумкун, анан да дубалдары жонокой еле кирпич менен курулган го
0
sgk_85
2013-05-02 10:06:24
Бугунку кундо эл-журт театрларга жана башка маданий уйлорго барышпайт деп сындап коюшат, маданият жаатында жонокой шарттардын жогунан барышпайт да. Мисалы, эски кинотеарларда ремонт жасалып, жаны техникалар орнотулуп, кандайдыр бир денгээлде шарттарды жакшыртып коюшкан учун ал жакка элдер куюлуп барат да. Ал эми урап жаткан театрга ким барат? коопсуздук учун ким жооп берет?
0
№ 547, 26-апрель-2-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан