Жамиля Ишенбаева,«Супер сулуу-2009»:«СУПЕРФУТБОЛДО МОДЕЛДЕР КОМАНДАСЫ ЖЕҢЕТ»

«Супер сулуу-2009» сынагынын жеңүүчүсү аталып, аптаптуу Мисирге барып эс алып келген Жамиля сулуу анда 16 гана жашта болчу. Андан бери ал подиум бийкечине айланып, бир канча өлкөгө кыргыз жүзүн таанытты. Анан дагы ырчы мырзалардын клиптеринин келишимдүү каарманына айланды.

Туулган жери – Бишкек шаары
Туулган жылы, күнү – 1994-жыл, 26-март
Бою – 173 см
Салмагы – 52 кг
Параметри – 85-60-90
Жылдыз белгиси – Кой
Жетишкендиктери – «Супер сулуу-2009», «Азиянын супер модели. Кыргызстан-2011», «Дүйнөлүк туризм сулуусу-2011», «КУУнун сулуусу-2013»
Тартылган клиптери – Арсендин «Жарадар жүрөк», Ильяз Андаштын «Кыздарга ишенбе», Гүлжигит Калыковдун «Кыргызстан жаштары», «ОAKLAND» тобу менен Мister Infinity`нин аткаруусундагы «Менин калканчым» («Мой щит») жана башкалар

– Жамиля, кандай жаңылыктарың бар?
– КОСУнун алдындагы колледжди кызыл диплом менен аяктап, Улуттук университеттин Кыргыз-Европа факультетине тапшыргам. Азыр испан тилин үйрөнүп жатам. Анткени моделдик чөйрөгө аралашканда сынакка катышуу үчүн көп жерлерди кыдырат экенсиң. Анан тил маселесине келгенде эле такалып калабыз. Андан тышкары Дүйнөлүк сулуулук конгрессинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүндө иштейм. Башкача айтканда, бизде өткөрүлүп жаткан сулуулук сынактарынын уюштуруу иштерине жардам берип, кээде алпаруучулук милдетти да аркалап жүрөм.

– Моделдик бизнеске кантип келип калганың тууралуу айтып берсең...
– Бир күнү курбум «сени моделдик агенттикке жаздырып койдум, шиш такаңды көтөрүп алып, эмки жумадан баштап бара бер» деп калды. Ошентип, ал жактан билим алып, модель болуп иштей баштаганыма 4 жыл болду. Негизи, кичинекей кезимде актриса болууну самачумун.

– Анан бул оюң кыял боюнча кала бердиби?
– Ооба, бирок келечекте ишке ашып калар деген чоң үмүтүм бар.

– Подиум жылдызы болуунун оң жана терс жактары кайсы?
– Жакшы жагынан баштайын. Элдин астында өзүңдү эркин алып жүрүүнү, так сүйлөөнү үйрөнөсүң. Андан тышкары туура басууну, боёнууну жакшы өздөштүрүүгө болот. Көптөгөн адамдар менен таанышасың. Ал эми жаман жагы – Кыргызстанда уюштурулган көпчүлүк сулуулар сынактары таза, калыс өтпөйт. Кыргызстан кичинекей болгонгобу, тууганчылык аябай күчтүү өнүккөн. Кээде ачык эле айткандар болот, «1-орунду сатып алышың керек» деп. Эгерде ошондой сынактарга сунуш түшүп калса, баш тартам.

– А сен 2009-жылы "Супер сулуу" аталбадың беле?..
– "Супердин" сынагы тааныш-билишсиз, калыс өтөт. Буга менин жеңишим күбө.

– Моделдикти кесип десе болобу?
– Кыргызстанда бул чөйрө өнүккөн эмес. Ошондуктан кесип деп айта албайм. Анан да биздин өлкөдө бир дагы модель жок.

– Кандайча? Анда сен кимсиң?
– Өзүмдү модель деп айтууга оозум барбайт, чынында. Мода дүйнөсү өнүкпөсө, кайдагы моделдер болот, туурабы?

– Модель кыздар бири-бири менен курбу боло албайт болуш керек. Анткени атаандаштык күчтүү эмеспи...
– Тилекке каршы, көрө албастык сөзсүз болот. Баарында эмес, албетте. Мисалы, эң жакшы көргөн курбум атаандашып жүрүп мени сатып кеткен. Ал кыз дагы деле моделмин деп жүрөт. Бирок ушул убакка чейин ийгилик жаратканын көргөн жокмун.

– «Сулуулар туруксуз, жеңил ойлуу болушат» дешет. Буга кандай жооп айтасың?
– Андай эмес. Кыска көйнөк кийип, боёнуп алган кыздарды баары эле жеңил ойлуу деп ойлошот экен. Биз деле эмне жакшы, эмне жаман экенин айырмалай билебиз. Чынын айтсам, аркамдан чуркаган жигиттер көп. Бирок мен карьераны биринчи орунга койгом. Ошондуктан азырынча жүрөгүмдүн ээси жок.

– Кандай жигит сенин жүрөгүңдү багынта алат?
– Интернеттен «таанышып албайлыбы, мен дагы моделмин» деп жигиттер тийишишет. Мен болсо ичимден «ии, болуптур, модель болсоң» деп күлүп гана тим болом. Анткени мага модель жигиттер жакпайт, учурдан пайдаланып айтып коёюнчу. Олуттуу, айткан сөзүнө турган, келбеттүү мырзалар менин табитимде.

– Үй жумуштарына кандайсың?
– Үйдө кичүү кыз болгондуктан, бардык жумуштарды мен жасайм. Бирок тамак жасоодо бир аз кыйналам. Чынын айтсам, картошка кууругандан башка эч бир тамак колумдан келбейт.

– Үй-бүлөң жөнүндө маалымат бере кетсең...
– Атам – милиция кызматкери, апам – бухгалтер. Үч бир тууганбыз. Эжем жана иним бар.

– Дайыма диета кармаган жана тамакты ылгабай жей берген моделдер бар. Сен кайсынысына киресиң?
– Тамак тандабайм, баарын жей берем.

– Анда келбетиңди бир калыпта кантип сактайсың?
– Эгерде салмагым ашыкча болуп баратса, спорт менен машыгып, фитнеске, бий курстарына барып турам. Ошондой эле кычкыл сүт азыктарын көп пайдаланам.

– Спорт демекчи, «Супер-Инфо» гезити өткөрүүчү Суперфутболдо быйыл моделдер да ат салышат. Күйөрмандык кылууга келесиңби?
– Ооба, жыл сайын бул мелдешке күбө болуп келем. Биздин кесиптештер ойноп жаткандан кийин, буюрса, сөзсүз аларды колдоо үчүн барам.

– Команда жеңишке жетишет деп ишенесиңби?
– Албетте, жеңиш сөзсүз биз, моделдер тарапта болот.

Асел Асанова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Суперфутболдо моделдер жеңет..."
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
miniusha
2013-04-29 11:45:34
Шорта кийбей деле койсо болмок кен, айырмасы жок го )
0
jusupova
2013-04-29 13:45:38
Эмне эле кечке жалжандайт?
0
strangergirl
2013-04-29 15:34:05
Бул кыз бизде окуйт, 4-корпуста, кимден кетти билбей турам, бирок бул кыз "Мисс КНУ 2013" наамын алган эмес, менин билишиме караганда бул наамды Кашымбекова Тунук деген кыз алган, ал эми Жамиля 1-орунду ээлеген, гран прини албаса деле "Мисс КНУ" боло береби...
0
Agusha
2013-04-29 22:08:05
ийгилик сага Жамиля бир жакшы заманбап кыз кулсо эмне болуптур негизи кыргызча жооп берип жатбайбы
0
kyrqyz
2013-04-30 03:10:27
анчалык онуккон мамлекет эмес болсо кана.кедей мамлекетке эле киребиз
0
kyrqyz
2013-04-30 03:13:08
жайдары кыз экен.мага жакты
0
akrosa
2013-04-30 07:27:50
ооруп калдым ушул кыз менен чын
0
konfetka_love
2013-05-03 14:06:03
Jamilya modelder jenet dep chechkinduu aityp algansynargo? je kozunor achykpy?
0
AFRODITA-89
2013-05-04 09:45:29
Моделдердин стадиондо топтун артынан чуркап жургтнун элестете албай атам...
0
kanu
2013-05-04 14:02:59
сонун суйкумдуу кыз экен.
0
kyrgyz.jigit.
2013-05-05 22:47:02
тозоко тушкун келген окшойт э модель.
0
esenbekov
2013-05-06 14:47:57
Б
0
aza-8585
2013-05-15 01:29:36
Vaauuu suluu kyz go!
0
№ 547, 26-апрель-2-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан