Өткөн жумада «кыргыз жигиттери Сирияга согушка кетишиптир» деген кабар бүт өлкөбүзгө дүң болгон эле. Алар согушка кантип кеткен, кимдер азгырганы тууралуу иликтеп көрүүнү чечтик.
ТҮРКИЯДАН ДА КАБАР ЖОК
Алгач 17-апрелде парламент жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков «Сирияга согушка кеттим» деп кабарлаган балдардын ата-энелери кайрылганын айтып чыккан. Анын айтымында, кайрылган ата-энелердин балдары Түркиянын Стамбул шаарынан телефон чалып, «Сирияга жихадга баратабыз, кокус келбей калсак шейит кеткен болобуз» деп билдиришкен.
«Согушка кеттик» деген балдардын эки-үчөөсү Стамбулда экендиги аныкталып, депутаттардын дагы бири Өмүрбек Бакиров алардын ата-энелери менен Түркияга учуп кеткен эле. Келген соң эл өкүлүнө байланышканыбызда, ал Түркиядан чалган балдар азырынча табыла электигин, өзү менен кошо барган ата-энелер балдарын таап калабыз деген үмүттө Түркияда калгандыгын билдирди. Депутаттын айтымында, ал балдар Түркияга барып окуп-иштейбиз деп кетишкен экен. Бирок балдардын бири апасына телефон чалып, "Сирияга чектешкен бир шаарда турабыз" деп айтыптыр.
Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу эл аралык уюмдар жана жергиликтүү өкүлдөр менен биргеликте тиешелүү иштер жүрүп жаткандыгын, азырынча эч кандай маалымат жоктугун билдирди.
ТАК САНЫ БЕЛГИСИЗ
Болжол менен 20дан ашуун мекендештерибиз Сирияга согушка катышуу максатында кетиптир. Так саны белгисиз. Болжол менен Кызыл-Кыядан 14, Ноокаттан 8 бала кеткен. "Алардын баары динге берилип, намазга жыгылып, дааватка чыгып жүргөндөр болгон" дешүүдө. Кээ бирлери «Орусияга иштегени кеттим» деп үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.
"Сирияга кетти" делген балдардын ата-энелери менен жолугушуу үчүн Ноокат районуна барганыбызда, ал балдардын ата-энелери маек берүүдөн баш тартышты. Ушундай эле көрүнүш Кызыл-Кыя шаарында да кайталанды. Аларга укук коргоо органдарынан «эч кимге эч кандай маалымат бербегиле» деп эскертишкенин айтышты.
«ТЕРРОРДУК УЮМДАР КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫН ЖИХАДГА ҮГҮТТӨШҮҮДӨ»
19-апрелде УКМКнын маалымат кызматы «радикалдуу террордук уюмдар кыргыз жарандарын Сириядагы конфликтке катышууга үгүттөп жатышат» деп видеобилдирүү таркатты. Андагы маалыматка караганда, диний-экстремисттик уюмдар жаштарды мечиттерде жана диний окуу жайларда террордук уюмдар менен иштешүүгө тартышкан. «Сирияга кеткен» деген маалыматтар иликтенип, алардын кеткен жагдайлары, маршруттары, жихадга кимдер үгүттөгөнү боюнча фактылар аныкталып жатат. Чет өлкөдө диний окуу жайларга окутуу, жумуш таап берүү шылтоосу менен Кыргызстандан алып кетип, идеологиялык жактан даярдагандан кийин Сириядагы согушка жиберүүнү пландашат. Алгач Түркияга, андан соң согуштук аракеттер болуп жаткан Сирияга ташташат. Учурда Кыргызстандан кеткендердин турган жерлерин аныктоо, Кыргызстанга кайтаруу иштери жүрүп жаткандыгын билдирген.
ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Жоробай Абдраимовго байланышканыбызда, ал «азырынча Кызыл-Кыя шаарынан жана Ноокат районунан 7 адам Түркияга кеткендиги аныкталды. Алардын бардыгы бардар үй-бүлөлөрдүн балдары жана өз эрки менен кетишкен. Бул иш боюнча иликтөө жүрүп, алардын кетишине ким түрткү болгону аныкталып жатат» деп билдирди.
«ЧЫН ЭЛЕ СИРИЯГА КЕТИШКЕНБИ,АНЫКТАЛА ЭЛЕК»
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын аналитика бөлүмүнүн башчысы МАМЕТБЕК МЫРЗАБАЕВ:
-Биздин комиссияга 7 баланын ата-энесинен арыз түшкөн. Мындан башка да балдар кетиши мүмкүн, себеби арыз жазган ата-энелердин айтымында, балдарыбызга бир нерсе болуп кетпесин деп коркуп айтпай жаткандар да бар. «Сирияга согушка кетти» делинген балдардын чоо-жайын териштиргени жана мечиттерди текшерүү үчүн жумушчу топ түзүлүп, алар учурда иликтеп жатышат. Алар чын эле Сирияга кетишкенби же жокпу, аны УКМК да тактай элек, жумушчу топто да азырынча эч кандай маалымат жок.
«БЫЙЫЛКЫ ЖЫЛЫ ТҮРКИЯГА ДААВАТКА ЭЧ КИМ КЕТКЕН ЭМЕС»
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн кызматкери ЖОРОБАЙ ШЕРГАЗИЕВ төмөнкүлөрдү билдирди:
-«Балдарды дал мечиттен үгүттөп алып кетти» деген сөз туура эмес. Биз эркин мамлекетпиз, ошондуктан ким кайда кетип жаткандыгын көзөмөлдөй албайбыз. Азырынча так маалымат жок, балким, алар Түркияга дааватка же иштегени кетишкендир. Эгер дааватка кете турган болсо, анда алар биздин даават бөлүмдөн жана ИИМдин 10-бөлүмүнөн уруксат алып чыгышы керек эле.
Мындан улам эгер ал жигиттер дааватка кете турган болсо, кабары болушу мүмкүн деп Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын даават бөлүмүнүн адиси ЖОЛДОШ АБДЫЛДАЕВге кайрылдык:
-Чет өлкөгө дааватка чыккандар биздин бөлүмгө келип, уруксат албайт, жөн гана «чет өлкөдө жүргөндө кокустук болуп кетсе сиздерге дооматым жок» деп макулдук кат таштап кетишет. Борбор шаарыбыз гана эмес, республика боюнча чет өлкөгө дааватка чыккандар Бишкек аркылуу гана кетишет. Үстүбүздөгү жылдын эсебинен 4 киши чет өлкөгө дааватка чыккан. Алар Индия, Пакистан жана Бангладешке кеткендер, арасында Түркия, Сирияга кеткендер жок. Ошондуктан айтылып жаткан жигиттер Түркияга өз иштери менен эле кетиши мүмкүн.
Эгер бул фактылар аныкталып, биздин жарандар жихадга кетип жатышкан болсо, бул мамлекетибиз үчүн олуттуу коңгуроо. Биз бул темага дагы кайрылабыз.
СИРИЯДАГЫ СОГУШ ТУУРАЛУУ
Сирияда жүрүп жаткан жарандык согуш 2011-жылдын башында "араб жазы" аталган толкундоолордун чегинде башталган. Президент Башар Асаддын бийлигин кетирүүнү көздөгөн тынч митингдер куралдуу көтөрүлүшкө өсүп жеткен. БУУнун эсеби боюнча, бул убакыт ичинде 70 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылган. Күнүнө
5 миңден ашуун адам өлкөдөн чыгып кетишүүдө.
"Сириядагы жарандык согушта чет элдик ыктыярчылар чоң ролду ойношот" деген маалыматтар да бар. Ага таянсак, Сирия жихадчылар үчүн жаңы Ооганстан болуп калган. Ал жакта Тунис, Иордания, Ирак жана башка араб өлкөлөрүнүн тургундары бийликке каршы согушуп жүрүшөт.
Мындан сырткары Австралиянын, Косовонун жана башка өлкөлөрдүн жарандары да согушуп жаткандыгы жөнүндө маалыматтар бар, ал тургай Бельгиянын укук коргоо органдары экстремисттик көз караштагы адамдарды Сирияга жөнөтүп жүргөн кишилерди кармашкан.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg
«Супердин» сурак бурчу
МЕЧИТКЕ БАРЫП ЖАТКАН БАЛДАРЫҢЫЗДЫН ЭМНЕ МЕНЕН АЛЕК БОЛУП ЖАТКАНЫН КӨЗӨМӨЛДӨЙСҮЗБҮ?
Насыр Намазбеков, Ысык-Көл облусу:
– Мечитти биз Алланын үйү деп билебиз. Күйөө балам экөөбүз неберелерим менен чогуу мечитке намаз окуш үчүн барабыз. Алар менен мечитке дайыма чогуу баргандыктан, көзөмөлдөп турам.
Кайыркүл Байсалова, Бишкек шаары:
– Балдарым ыймандуу. Мен неберелеримди көбүрөөк көзөмөлдөп, балдарыма дагы "аларга көз салгыла" деп көп эскертем. Мечитке барса деле көзөмөлдөмөкмүн, бирок ал жакта ыйман жолуна түшкөндөн башка жаман жолго барбаса керек.
Анарбек Темирбеков, Талас облусу:
– Албетте, көзөмөлдөйбүз. Жаштардын баары эле Алла жолуна түшсө деген жакшы ниетим бар. Балдарым намаз окушат. "Жашоодо туура жолго, Алла жолуна түшкүлө" деп үгүттөп келгем, дагы да үгүттөй берем.
Суусар Абдыгазиева, Бишкек шаары:
– Эң улуу неберем мечитке барат.
Ал жакта эмне кылып, эмне менен алек болуп жатканын өзү айтып келип турат. Башка диний агымга өтүп жаткан бала болсо, жүрүм-турумунан эле билинип калат.
Абдымажит Исаков, Жалал-Абад облусу:
– Менин 14 жаштагы жалгыз уулум бар. Ал 10 жашынан тарта мусулмандык парзын аткарып мечитке барып намаз окуп жүрөт. Азыр жаш болгондугуна байланыштуу тентек балдарга кошулуп кетпесин деп артынан сөзсүз көзөмөлдөйм.
Алим Орозов, Бишкек шаары:
– Мен Кудайга ишенем, бирок балдарымды мечитке жибербейм. Себеби азыр секта, диний агымдар абдан көбөйүп кетти. Алардын көбү мечиттерде чогулушат. Андан көрө "көбүрөөк окуп, жумуш кылгыла" деп үйрөтөм.
Абдирашит Исаков, Баткен шаары:
– Мечитке барган бала намаз окуганды, андан сырткары араб тилин, илимди үйрөнөт. Ыймандуу да болот. Менин билишимче, мечитке барган балдар жакшы жактарга гана үйрөнүшөт.