ГҮЛЗИНАТТЫН СУЛУУЛУК СЫРЫ

Француз элинин “Сулуу эмес айымдын өзү болбойт, сулуулангысы келбей, өзүн-өзү каранбаган айым болот” деген жакшы кеби бар. Анын сыңарындай табият берген сулуулукка кошумча кам көрүп койсок ашыкча болбос. Сулуулук сыры менен белгилүү ырчы Гүлзинат Суранчиева өзү колдонгон эки масканын рецебин айтып берди.

“Универсал” маска

Колдонуу тартиби: Бул масканы күн сайын колдонуш керек. Жатар алдында беттеги боёкту атайы каражат менен тазалап, муздак сууга жүзүбүздү жууйбуз. Андан соң бет аарчы менен суусун кургатып, масканы даярдого камынабыз.
Керектелет: Петрушка, кайнак суу, өрүк, зыгыр майы, айран, салфетка.
Даярдоо ыкмасы (1 жолкуга):
Алгач петрушканы кайнак сууга салып коюшубуз керек. Ал демделип 10 мүнөт турушу шарт. Анан эзилип бышкан өрүктүн (өрүктүн ордуна кулпунай же кожогат колдонсо болот) кабыгын сыйрып алып, данегин алып таштап кол менен эзебиз (бир жолку маскага 3 өрүк жетиштүү). Андан соң эзилген өрүктүн үстүнө демделген петрушканын суусунан 2 кашык кошобуз. Эгер тери кургак болсо 1 чай кашык зыгыр майы, майлуу болсо 1 кашык айран кошулат. Даяр болгон аралашманы салфеткага кылдаттык менен жайып, көздүн тегерегине тийбей тургандай кылып жабабыз. 15-20 мүнөттөн кийин масканы жууп салып, бет майдан сүйкөп коюш керек. Мындай маскадан кийин эртең менен ойгонгондо өзүңдү күзгүдөн карап “эх, мен кандай сулуу айыммын” деп айта аласыз.
Масканын пайдасы: Бетти тазартат, жылмакай кылат.Терини витаминдер менен азыктандырат.

Бетти агартуучу маска

Колдонуу: Жумасына эки жолу.
Жаш курагы: Карысы да, жашы да колдонсо болот.
Теринин түзүлүшү: Бул масканы бардыгы колдоно берет.
Керектелүүчү азыктар: Лимон, суюк бал.
Даярдоо ыкмасы (1 жолкуга): Чуңкур идишке 2 кашык балды салабыз. Анан жарым лимондун ширесин балдын үстүнө сыгып алабыз. Анан шашпай аралаштыруу зарыл. Колго, бетке жана моюнга шыбап коёбуз. Масканы көздүн тегерегине тийгизбөө керек. Тегиз сүйкөлүп бүткөн соң 15-20 мүнөт кыймылдабай отуруу талап кылынат.
Убакыт өткөн соң жылуу суу менен жууйбуз. Баса, бетти жышып жууган териге зыян. Беттин териси өзгөчө назик. Андыктан жууганда колдун ортон жана аты жок, чыпалак манжаларынын жардамы менен акырындап жууган жакшы. Анткени бул манжаларда күч азыраак болот. Бет жылуу суудан кийин сөзсүз муздак суу менен жуулушу шарт. Себеби суунун температурасы бул учурда карама-каршы болуп кан айланууну жакшыртат. Андан кийин түндө колдончу бет майдан сүйкөп коюңуз.

Эскертүү: Бул масканы цитрус өсүмдүктөрүнө аллергиясы бар адамдарга колдонууга болбойт!
Кошумча маалымат: Балдын жакшы жери – бетке жаңыдан түшө баштаган бырыштарды жазат.

Жай мезгили жер-жемишке бай болгондуктан, көркүңүзгө көрк кошуңуз, урматтуу айым. Сулуу болуу ар бир аялзатынын өз колунда эмеспи. Ырчы айтып кеткен масканы жасап көрсөңүз, жыйынтыгы жүзүңүздө болот.

Бактыгүл Сокушова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Kagan
2010-08-18 22:31:53
Эн начар
Аялдардын башка иши жокпу.
0
doni2013
2013-07-22 02:54:49
жакшы рхмат
0
Naku1982
2014-04-02 00:02:11
эн жакшы рахмат сизге Гулзинат эже
0
№ 348, 3-9-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан