2015-жылдан баштап чет мамлекеттик жарандар Орусияга жалпы жарандык паспорт менен гана кире алышат. Ушул жана башка маселелер боюнча аптанын башында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Орусияга барды. Иш сапардын алкагында энергетика, тоо-кен, транспорт тармактары боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, бир катар документтерге кол коюлду. Мындан сырткары «Кыргызгаз» ишканасын Орусияга сатуу жана Кыргызстанда жаңы курула турган ГЭСтер да талкууга алынды.
Орусиянын бажы кызматынын жетекчиси А.Бельянинов «2015-жылдан тартып Орусияга Кыргызстандын ички паспорту менен кирүүгө тыюу салынат» деген кабарды угузду. Бул кадамдын себебин ал: «Кыргызстандын канча жараны Орусияда жашап, иштеп жаткандыгын жана кандай миграциялык агымдар, муктаждыктар бар экендигин билиш үчүн»,- деп түшүндүрдү.
Миграциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен Орусия 2015-жылдын 1-январынан тарта КМШ өлкөлөрүнөн келип, иштеп жүргөн 5 миллионго чукул кишини мамлекеттен сыртка чыгарат. Аларды кайрадан жалпы жарандык паспорт менен гана киргизет.
Беларустук жана казакстандык жарандарга мындай талап коюлбайт. Бажы биримдигинин мүчөлөрү болгондугу үчүн аталган өлкөлөр ээн-эркин Орусияга кирип-чыга алышат.
Орусиядагы кыргыз диаспорасынын расмий сайтынын редактору Асилбек Эгембердиевдин маалыматына ылайык, учурда 550 миңге чукул кыргызстандык жаран Орусияда эмгектенип жүрүшөт. Алардын ичинен 100 миңден ашууну легалдуу, көпчүлүгү легалсыз жүргөндөр.
«Биздин өкмөт Орусиянын чечимине ылайык, жалпы жарандык паспортту даярдаш керек. Учурда депортациялоо да абдан күчөдү. Андыктан мыйзамдуулукту сактоо менен Орусияга кирүү зарыл»,- дейт Эгембердиев.
Эске салсак, кыргызстандык жарандар Орусияга ID паспорт менен кирүү укугуна 2007-жылдын 15-февралында ээ болушкан эле.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg