Өткөн жылы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Москванын Переделкино кыштагындагы дачасы талашка түшкөн эле. Дачаны бошотуп коюу тууралуу жазуучунун жакындарына сот аткаруучулар мөөнөт беришкен.
Маалыматтарга ылайык, Айтматовдун ал дачасы жайгашкан жер тилкенин наркы 4-5 миллион доллар турат. Бул маселе боюнча кызы, депутат Ширин Айтматова дача атасына Совет доорунда убактылуу берилгенин, эми көзү өткөндөн кийин аны алып коюулары мүмкүндүгүн, башка өлкөнүн аймагында болгондуктан, ага кийлигише албасын айткан. Аталган дачаны улуу жазуучунун 85 жылдык мааракесине карата музейге айландыруу демилгеси бар болчу.
Бул маалымат кыргыз коомчулугун бушайман кылган эле. Бирок жакында ачыкка чыккан маалымат Айтматовду туу туткан кыргыздарды кыжырдантты.
Айтматовдун мамлекеттик резиденцияда жайгашкан дачасын кийин эки уулу бөлүп алышкан, бир тарабын Аскар Айтматов 2011-жылы М.Мамакеевге 23,7 миллион сомго соодалап жибергендиги эми маалым болду.
«Кремлдин дачаны алып койгону туура болуптур, антпесе аны деле бир күнү сатып жиберишмек экен. Мамлекеттик резиденциядагы турак жайлар жөн салды адамдарга берилбейт да, аны эске алып койбогон Аскар Айтматов кызылдай пулуна кызыкпай, музей деле кылып койсо болмок. Көрсө, бардык эле уулдар атасына тең уул болушпайт экен...» деген талкуулар жаралды.
Мындан уламбы, 19-апрель күнү президенттик иш башкаруу бөлүмү «КРнын Президентинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамын өзгөртүү демилгесин көтөрүп чыкты. Анда мамлекеттик резиденциянын аймагындагы кыймылсыз мүлктү сатууга тыюу салуу сунушталган.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg