Азиз Батукаевдин абактан эрте бошоп кеткенин иликтөө боюнча депутаттык комиссия ага коюлган диагнозду текшерүү максатында дарыгерлер тобун түздү. Алар комиссия мүчөлөрү менен Нарын шаарына барып келишти. Адистер Батукаевге коюлган «курч лейкоз» диагнозу күмөн туудурганын айтышты. Ошондой эле комиссия Батукаевге паспорт мыйзамсыз жол менен берилгенин билдирген, бирок Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Эрлан Сапарбаев бул маалыматты жокко чыгарып, документке арыз берүү, паспортту кайра жөнөтүү процедурасы мыйзамдуу болгонун айтты. «Көпчүлүк туура эмес маалымат таратууда. Азиз Батукаевге чет өлкөгө чыгуучу жалпы жарандык паспорт эмес, ID-карт гана берилген. Ал эми бул паспорттун түрү менен КМШ өлкөлөрүнүн ичинде кирип-чыгууга болот. Чет өлкөгө чыгуу үчүн паспорт түрмөдө отургандарга берилбейт».
Ал эми оппозициялык кыймыл бул ишти өзүнчө иликтөө үчүн көз карандысыз коомдук-саясий комиссия түздү. Ага парламенттик комиссияга оппозициялык фракциялардын өкүлдөрү кирбей калышы себеп болгонун айтышууда. Комиссия мүчөсү Азимбек Бекназаровдун айтымында, алар парламенттик комиссияга жардам иретинде өзүнчө иликтөө жүргүзүп, коомчулукка жарыялоону туура көрүшкөн.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg