ООГАНСТАНДА КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ ТУТКУНГА АЛЫНДЫ

Ооган талибдери барымтага алган он адамдын ичинде кыргыз жараны, 47 жаштагы учкуч Нургазы Конушбеков да бар.
22-апрелде МИ-8 үлгүсүндөгү тик учак менен Кабулга учуп баратып, Логар провинциясында авариялык конууга аргасыз болгон он адамды талибдер барымтага алган.
Азыр кыргыз бийлиги барымтадагы Нургазы Конушбековду бошотуп алуу боюнча дипломатиялык аракеттерди көрүүдө. Тышкы иштер министрлигинде бул боюнча атайын топ түзүлгөн.
Маалыматтарда Хост шаарынан Кабулга бара жаткан МИ-8 үлгүсүндөгү тик учак Логар провинциясына келгенде катуу жамгырдан улам авариялык конууга аргасыз болгон. Ошол учурда талибдер аларды туткунга алышкан.
Маалыматтарга караганда, барымтадагылардын жетөө Түркиянын атуулу, алардан башка Орусиянын, Кыргызстандын жана Ооганстандын бирден жараны бар.
Нургазы Конушбеков учкуч болуп иштеп жүргөн МИ-8 үлгүсүндөгү тик учак «Хорасан Карго Эйрлайнс» деген ооганстандык жеке  авиакомпанияга таандык экени айтылууда.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Kg.lady
2013-04-29 17:23:17
Жаман болгонекен
0
№ 547, 26-апрель-2-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан