Энергетика жана өнөр жай министри АВТАНДИЛ КАЛМАМБЕТОВ ээлеген кызматынан бошотулду. Анын милдетин аткаруучу болуп мурдагы статс-катчы Батыркул Баетов дайындалды.
22-апрелде Алмазбек Атамбаев Социалдык өнүктүрүү министри КЫЛЫЧБЕК СУЛТАНОВДУН өз каалоосу менен жумуштан кетүү боюнча арызын канааттандырды.
20-апрелден баштап Кыргызстанда дизель майынын баасы 50 ТЫЙЫНГА көтөрүлдү.
Билим берүү жана илим министри К.Садыковдун айтымында, өлкөдө аскерге чейинки даярдык сабагын берүүгө МУГАЛИМДЕР жетишпейт.
2012-жылы ТИМдин консулдук кызмат департаментине чет жердеги мигранттардан 2200 АРЫЗ келип түшкөн.
Таластагы Батыш бажы бекетинен бир суткада 5 МИҢГЕ чукул адам өтөрүн бекеттин башчысы Алмаз Мамбетов билдирди.
Жаштар кеңеши премьер-министр ЖАНТӨРӨ САТЫБАЛДИЕВДИ сотко берди.
Кримавторитет Камчы Көлбаевдин жан-жөкөрү АДИЛЕТ КАСЕНОВ 8 жылга эркинен ажыратылды. Ага “мыйзамсыз каражат чогултуу иштерине катышкан” деген айып коюлду.
Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт», «Эркеч-Там» текшерип өткөрүү бекеттери 27-АПРЕЛДЕН 2-МАЙГА чейин жабылат.
Өткөн жылы өлкөдө кургак учук илдетине кабылган 5600 АДАМ катталган. Мындай маалыматты депутат Дамира Ниязалиева билдирди.
«Тазалык» ишканасынын маалыматына ылайык, 24-апрелде болгон митингден кийин борбордук «Ала-Тоо» аянтынан 10 м3 таштанды чыгарылган.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.