ЫРЫН ЫРДАЙТ «КЕКИЛИК», «КЕКИЛИКТЕР» КОЙСУН МЕНИ КЕЧИРИП!

Эсиңизде болсо, өткөн сандарыбыздын биринде “Кыйраган саптар, кайран ырлар”деген аталыштагы макала чыккан эле. Анда ырчылардын ырларындагы ыксыз маанилер, туура эмес ырдалган ырлар жөнүндө кеп козгогонбуз. Чычалаган ырчылардын айрымдары түз эле редакцияга демитип келсе, кетирген каталыктарын туура кабыл алышкандар да болгон. Бүгүн айрым ырчыларды “кекилик” деп туруп, ырларын бир аз чымчыгансыдым, бирок көгөртө эмес.

Курсташы менен кумарга баткысы келген Карымов

Адегенде эле Айбек Карымовдун ырынан баштайлы. Айбек сүйүктүүсүн ырларында каткыртып, төшүн бийлетип, кылыктантат. Керек болсо дагы бир ырында “Кумардан чыкпайт белем, курсташым болгонуңда...” деп кокуйлаганы бар. Ой-да, Айбегиң түшкүрдүкү десе. Ушинтип ырдап, көпчүлүк күйөрмандарынын көзүн күйгүзөт го...

“Шондо” бирөөгө “окшонгон” Берадор

Берадор мырзанын “Уулуң мага окшогон” аттуу ыры учурда жергебиздин жети дубанында жаңырып жатат.
“Турмуш бизди шондо кошпогон...
Уулуң мага окшогон,
Мен да ага окшоном...” деген саптар бар бул ырда. Эмне де­мекчибиз, ошентип, Берадор мырза кыргыз тилинин бай казынасын “кайсарып” сөзүнө кошуп “окшоном” деген неологизм (жаңы сөз) менен толуктады.

Күйөөсү барларга тийишкен Сүйүн

Англисче же кыргызча эмес, ортозаар ырлардын арасына Сүйүн Жусупбаевдин бир ыры да кирет. “Экскюзми, таанышкым келет сиз менен... Экскюзми, эмне, менин күйөөм бар алгын эске...” Капырай, бул не деген саптар да, не деген маани? Уйкашты болду, маанисин жыйыштырдым дегениби? Тамашалуу, заманбап саптарга да окшобойт.

“От алган” Султан

Ырчы Султан Садыралиев бирде “жөнөкөй жигитке”, бирде “эң кайсар жигитке” айланып ырдаганын билсеңиз керек. “Аячы” деген ырын алып көрөлү. “Ойлоном ойдун таңында, ойгонсом деймин жаныңда. Оюнсуз сезимдерим, от алган кезим менин, Ой-тобо, оору жедим...”. Демек, Султанды сүйгөнү өз сүйүүсүн өзүнө кайрып берип аябаса, ырчы жигитибиз от алган боюнча оору жейт экен...

“Ак кушту” коюнуна чакырган Алтынбек

Ырчы жигит Алтынбек Алымовдун “Ак кушум” ырын ким билбейт?! Кайран Алтыкем “Койкоюп тосуп төшүңдү, коюнуңа чакыр өзүмдү...” деп ак кушка кыйытып айтканы менен түптүз эле селкини кушка салыштырып салган. Анан да “Айылдык кыз никем бар менин, азап салып болду келбегин...” дегенине жол болсун...

“Жан жерине” ишенген Самат

Саматтын акыркы ырларына саресеп салсак, биринчиден, уйкашпайт. Экинчиден, маани-маңызы түшүнүксүз. Мына “Эй жаштар, кол көтөрүп чапкыла баарыңар, бийлейли эсиңди жоготкуча...” Жаштарды эстен тангыча бийлеткени аз келгенсип, «Ишенүү» деген ырында: “Ишен, баары болот. Жан жерим, ишенем сага, Жан элим, ишенем сага...” деп ырдап жүрөт. Самат кыргызча ыр жазганда кыргыз тилин жакшы билген бирөөгө каратып албаса, өзүн гана эмес, бүтүндөй кыргызды уят кылчудай.

Тата Уланга чын жүрөктөн баары бир...

“Чыныгы патриотмун” деп төш какканын ырларында далилдегиси келген беткапчан рэпер – Улан. “Ака-ука, ата-апа, приеду не один...” деген патриот рэпердин ар бир ырынан тантыраган сөздөрдү тапсаң болот. Өзүңүз эле күбө болуңуз.
“Сөздөрүмө түшүнбөсөң, чын жүрөктөн баары бир,
Келечексиз ушул жорук мага деле баары бир...
Устукан бизге тартылат баары бир...” Кыскасы, Улан кандай мааниде ырдап жатат? Ал беткапчан да, чын эле ага баары бир...

“Башкача көңүлү бурулбаган” Жанета

Жанета эски ырларды ырдаганда, кичинесинде туура эмес укканы боюнча эзип ырдап коёт окшойт. Себеби ырды бурмалап салганын өзү да билбейт. «Ойлодуң бекен» ырындагы “башкага көңүл бурулбай” деген сабын “башкача көңүл бурулбайт” деп ырдап жүрөт. Натыйжада, ырдын мааниси таптакыр өзгөрүлүп кеткен.

Сайкал менен Тиманын “наливайы”

“Кыз-Бурактын” кенжетайы Сайкал менен Тима деген ырчы жигиттин “Молодёжь, давай” аттуу ыры. Бул ыр кыргыз, орус тилдеринде аралаш ырдалат.
Молодёжь, давай, ты давай и начинай. Молодёжь, кандай? О проблемах забывай... Шампанское открываем, всем наливаем... Миние юбки, сочные губки...
Курим красиво, без перерыва, бухаем по дороге... Жыргал сонун жер экен... Кана шараптан куйгула...” Туй-ата, кайран кор болгон кыргыз тилим...

Жоогазын жытташкан жубайлар

“Жоогазын жыттадым, жаныңда жатып уктадым…” деп безеленген ырчылар Ильич менен Назел.
Сыягы, бул ыр Ильич менен Назелдин бир түнүнөн алып эле жазылгандай. Эмнеси болсо да, акыркы учурларда сөздүн маанисине карап ырдалган ырлар азайып бара жатат.

Толик Сынчы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 348, 3-9-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан