Патриот ырчы Добр өткөн саныбызда берген маегинде жубайы Жылдызай менен жылдыздары келишпей эки ача жолго түшкөнүн айткан эле. Көп өтпөй Жылдызай бизге байланышып, Добрга жообун айтты. Ал өз сөзүндө «жаңылбаган жаак, мүдүрүлбөгөн туяк болбойт экен. Мен Добр менен баш кошуумду жашоомдогу жаңылыштык катары кабыл алам. Ал эми анын мен тууралуу айтканын, өзүнө пиар жасагандыгын туура кабыл албадым. Кандай болгон күндө да, бул менин жашоомдун өтүп кеткен бир бөлүгү. Андыктан «андай кылды, мындай кылды, сүйүктүү кесибимден, окуп жаткан окуумдан айрыды» деп айткым да, кеп кылгым да келбейт. Бирок мырза катары көңүлүмдү калтырган. Адам көңүлү гүл сыяктуу, кирдейт, чөгөт дегендей. Учурда мен алдыма такыр башка максат койгом. Кудай буюрса, сүйүктүү кесибим журналистикага кайтып келип, кыргыз элинин көйгөйлөрүн коомго алып чыгып, эл кызматында болом. Буюруп койсо, турмуш куруп, уул-кыздуу болуп, эне болуу бактысына бөлөнөм. Добрга болсо чыгармачылык ийгилик, бакыт каалайм. Мен да сөзсүз бактыма жолугам. Анткени ар бир аялзаты бактылуу болууга татыктуу» дейт. «Өткөндү кайрый албайсың» дегендей, эки жашка биз да бакыт каалайбыз.