Ырчы Фарида Карбосова «быйыл сөзсүз күйөөгө тием» дейт. Буга элдин «качан турмушка чыгасың?» деген суроосунан тажаганы себеп болуптур. «Бойдокчулуктан тажадым деп эле өзүңдү курман кыласыңбы?» деген сурообузга «жок, жигитим бар, колумду сураганынан май айында концертимди берип алайын, анан талкуулайбыз дедим» дейт Карбосова.