Редакциябызга телефон чалган бир айым дал ушундай суроо узатып, ырчы-пародисттен маалыматтын чын-төгүнүн билип берүүбүздү өтүндү. Ал да бирөөдөн угуптур. Анын айтымында, Мерген Турган аялы менен урушуп, баласын, жүктөрүн кошуп төркүнүнө жөнөткөн имиш. «Кырктын кырына чыгып балалуу болгон Мерген агабыз кантип мындай жорукка барсын?» деп таң калган биз өзүнө байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык.
– Ой, кайдан?! Учурда минтип концерт коём деп бутум бутума тийбей тыпылдап чуркап жүрсөм, кайдагы уруш?! Аял менен урушканга да убакыт керек эмеспи. Бул көрө албастардын кезектеги мага жасаган чабуулу болсо керек. Негизи, концерт коёрдо ушундай ушактар чыгып турат. Чыгармачыл адамдар мындайга көнүп деле бүттүк окшойт. Келинчегим уулум Ханраат экөө жакында эле Казакстанга кетишкен. Кайнатамдын буту ооруп жаткан. Анын ал-акыбалын сурап, бир аз каралашып келишет. А мен бул жакта концертим менен убарамын. Буюрса, маанай «5»,- дейт Мерген Турган.
Ылайым эле Мергендин айтканындай болуп, уясы бузулбай, үй-бүлөсү өркүндөй берсин!