УРА, ЮРМАЛАГА КЕТТИК!

Жыл сайын Юрмала шаарында өтүүчү «Жаңы толкун» сынагынын финалы быйыл да өз маалында, эл көнгөн даректе өтөт. Жаш аткаруучулардын эл аралык сынагынан жемиштүү кайткан мекендештерибиз да аз эмес. Эске салсак, Омар 2008-жылы атайын «Алтын жылдыз» сыйлыгын айтылуу Алла Пугачёванын колунан алып кубанса, Арсен менен Айбек Замирбек уулу 2011-жылы 4-орунду багындырып кайтышкан. Быйыл бул сынактын жарым финалына 9 аткаруучу: Назгүл Токтакунова, Ислам Акматов, Аскар Бержибаев, Айбек Бакытбеков, Нурбакыт Разаков, Жийдеш Идирисова, Курал Чокоев, Адилет Жумабеков, Руслан Ботобаев катышышкан. Жыйынтыгында Айбек Бакытбеков менен Нурбакыт Разаков кийинки турга өтүшкөн. Калыстар тобунун тандоосу менен эми бул сынакта Айбек Бактыбеков Кыргызстандын намысын коргомокчу болду. 20 жаштагы Айбек М.Күрөңкеев атындагы музыкалык училищенин студенти. Албетте, жаш талантка ийгилик каалайбыз!

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Janym_KYRGYZ-ELIM
2013-04-29 14:44:56
Ийгилик
+1
Aizat.kg
2013-04-29 17:09:03
Кудайым буюруп ийгиликке жетишиниз!
0
shanushka
2013-04-29 22:18:09
ii ushuul bala krasavchuiik da ayabay janagi KURAL chokoyevdin klibindegi bala da ee?
0
sparkle
2013-04-30 16:45:15
shanushka, ошол балаго
0
aziko1414
2013-04-29 22:25:38
молодец сонун ырдай экенсин сага ишенебиз не омар байкебизден кемсинби?
0
N.Bakazova
2013-04-30 14:22:10
Жакшы болгон экен.
+1
shazi
2013-05-02 03:24:41
Бул ырчынын ырын уга элек экенмин, бирок красавчик го. Ийгилик каалайм Кыргызстанга жеңиш менен кайт.
0
Elit
2013-05-02 19:38:37
Мен Адилет Жумабеков чыкса
экен деп аттым эле.
0
Mirs
2013-05-03 03:35:29
Sonun yrdayt radiodon duynoluk hit yrlaryn janduu yrdaganyn ukkam,iwensek bolot.İygilik saga!)))
0
konfetka_love
2013-05-03 14:08:55
Iigilik kaalaim silerge! Kyrgyzdyn jelegin jelbiretip juro bergile)))
0
Queen_KD
2013-05-09 19:11:40
Вот ушул Айбек жагат)) И уну,и озу)
+1
№ 547, 26-апрель-2-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан