Дегенибиз, 1-апрелде Мирбек Атабековдун продюсери Канат Култаев менен иштешип жүргөнүнө 7 жылдын жүзү болуп, чыгармачылык келишимдин убактысы бүтүптүр. «Ушуну менен эле токтоп калбай, келишимди дагы 2 жылга узартууну чечтик. Жакында эле сөзү Кыялбек Урманбетовго, обону Мирбектин өзүнө таандык «Нурдануу» аттуу жаңы ыр жаздырдык. Келечекте дагы да мыкты чыгармаларды жаратып, клиптерди тартып, Мирбектин күйөрмандарын сүйүнтө бермекчибиз»,- дейт Канат Култаев.