Оригиналдуу образдары менен эл сүймөнчүгүнө айланган актёр Камчы Сарыбаев Ак-Ордо жаңы конушуна үй салып жатат. «Курулуш иштери жаңы гана башталды. Эми, Кудай буюрса, жакын арада батир көйгөйүнөн биротоло арылып, өзүмдүн ак өргөөмдө ээн-эркин жашай баштайм. Учурда үй-бүлөбүз менен кубанып турган чагыбыз»,- дейт актёр. Эркектин үч милдети бар: бак отургузуу, там салуу, артында туяк калтыруу дегендей, Камчы мырзанын учурда бир эмес, эки мураскери бар. Эми короосуна катар-катар бак тиксе эле парзын толук аткарат тура.