Кыргыз шоу-бизнесинин көз күйдүргөн бойдокторунун бири Нурлан Насип интернеттеги баракчасына сулуу бийкеч менен кыналыша кучакташкан сүрөттөрүн жүктөдү. Андай сүрөттөр бир даана эмес, бир нече. Эл оозунда Нурландын ырчы Асел Кадырбекова менен сүйүү гүлүн бирге терип, жетелешип чогуу жүргөнү жөнүндө маалымат тараган эле. Эми муну кантип түшүнөбүз? Ошондо эмне, Асел сулуу колундагы коёнун качырып, эринин тиштеп отуруп калабы? Мунун чын-бышыгын Нурлан Кытайдан келгенде тактайлы.