АРАКТЫН АЙЫНАН АЯЛЫНЫН КОЛУНАН АЖАЛ ТАПТЫ

Жакында эле жүрөктүн үшүн алган кандуу окуя катталды. Көрсө, бул кылмыш баягы эле аты жаман арактын азабынан келип чыккан экен.

МАРКУМ КАНСЫРАП ӨЛГӨН
2013-жылдын 19-апрель күнү Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Аламүдүн районуна караштуу Төмөнкү Ала-Арча айылынын Короткая көчөсүндөгү бир үйдө жансыз дене табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам иликтөө кызматкерлери ошол замат окуя болгон жерге барышып, үйдүн ичинен европа улутундагы адамдын сөөгүн көрүшкөн. Ал сол бутунун санына сайылган бычактан улам кансырап каза тапкан экен. Маркум ошол үйдүн кожоюну, 1978-жылы туулган Виктор Ермолин болуп чыккан. Бул кылмышка шектүү делинип маркумдун аялы, 1986-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну Марина Бороздина кармалган. Алгачкы эле суракта ал жасаган кылмышын толугу менен мойнуна алган. Ал эми окуя болгон жерден далил катары кан болгон ашкана бычагы жана аялдын кан болгон кызгылт түстөгү водолазкасы табылган.

«МЕН АНЫ ӨЛТҮРӨЙҮН ДЕП ОЙЛОГОН ЭМЕСМИН»
Тергөө учурунда кылмышка шектүү МАРИНА БОРОЗДИНА күйөөсүн кантип өлтүргөнүн төмөнкүдөй айтып берген:
– 19-апрель күнү эртең менен күйөөм экөөбүз чатакташа кеттик. Ал мени «дүкөнгө барып, карызга арак алып кел» деп кодулай баштады. Аны ичпесин деп айтканын аткарган жокмун. Бир маалда ал столдун үстүндө турган бош бөтөлкөлөрдүн бирин ала коюп мени көздөй ыргытып жиберди эле, мага тийбей, дубалга тийип чачырап кетти. Ага жини келген күйөөм дагы бир бөтөлкө менен мени башка урду, мен төркү бөлмөгө качып бардым. Күйөөм артыман кууп жетип, сабай баштады. Ошол учурда эптеп андан коргонуу үчүн колум менен сыйпалап бир нерсе издей баштадым эле, колума бычак урунду. Аны коркутуп, бир жерге акырын сайып койсом токтоп калабы деп ойлодум да, балтырга сайып жибердим. Чындыгында аны өлтүрөйүн деп ойлогон эмесмин. Көрсө, бычак анын кан тамырын кесип кетиптир. Күйөөм кансырап, эстен танып жерге жатып калды. Чочуп, эмне кылар айламды таппай калдым. Анан эшикке чуркап чыгып, кошуналарга айттым. Алар «Тез жардамга» чалышты. Андан соң менден «милицияга телефон чалалыбы?» деп сурашканда «албетте, чалгыла, кылган кылмышымды мойнума алам» дедим.
Милиция кызматкерлери келген соң аларга бардыгын төкпөй-чачпай айтып бердим. Бул кылмышты атайын жасаган жокмун, өзүмдү коргодум. Мындай кокустук болуп кетерин билген эмесмин. Учурда жасаган ишиме өкүнүп жатам.

«КҮНӨӨСҮН МОЙНУНА АЛДЫ»
Жогорудагы факт боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын ага инспектору НУРБЕК ТОКТОСУНОВ төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бул кылмыш боюнча маркумдун аялы, 1986-жылы туулган Марина Бороздина кармалып, Бишкек шаардык убактылуу кармоочу жайга камалды. Ал мурда соттолгон эмес. Кылган кылмышын толугу менен мойнуна алып, көрсөтмө берүүдө. Учурда ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен күнөөлөнүп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Ошентип, бир-үй бүлөнүн дубалы урады. Бир кездерде бирге түтүн булатышкан эрди-катындын бири о дүйнөгө сапар алса, бири темир тор артына камалды. Ошондуктан арактын арты азап болорун аңдай жүргөнүбүз оң.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Арактын айынан аялынын колунан ажал тапты
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
aruuzat88
2013-04-29 17:30:26
Аялы байкуш чынында олтуром деп ойлобогон.Арактын аяынан канчалаган кан тогулуп жатат.Ээ Аллахым пенделерине озун ыйман бере кор.
0
Taalaibek.
2013-04-30 05:51:15
Аяалда эмне куноо? Озун коргоду да.
0
kgMM
2013-05-04 17:42:50
Taalaibek., коргосоле эмне куйоосун бычак менен сайыш керек бекен таякжесе жегендир эмне болуптур келесоо аял экен
0
k-rollan
2013-04-30 06:46:40
Арак ичкен адамдарды жаман корбойм болгону аларга тушунбойм эмне учун ичишет билбейм?
0
angelina89
2013-04-30 18:09:46
Аялда куно жокда,туурале кылганго,озун коргош керек,менида акыркы кундору,шайтан азгырып жатат,туруп бычак алып сайып салдеп, келме келтирип озумду кармап жургон убагым.ичкен адамды корсом нервим кайнайт жек кором,жолдошум тушундурсом тушунбой жатат,жакында менда гезиттен чыгып каламгоо....тил укпаса мээ сага деп...
0
munara_00
2013-04-30 19:05:50
аттигинин, бирин-бири тушунуп жашаса эмне болмок?
0
adimedi
2013-04-30 21:06:03
angelina89 жаш туруп жолдошунуз арак ичкени окундурот. Шайтанга алдырбаныз сабырдуу болунуз. Менин да жолдошум мага кол которот азыркы учурда он кулагым укпайт, кабыргам сынган башым тынбай ооруйт ажырашам десем баламды мага бербейм озум багып чонойтом качам десен сени да бир туугандарынды да олтуром деп коркутат. Олтуруп салгым келет бирок алсызмын мен 48 кг болсом анын салмагы 100 кг. Кудай деп гана отот кунум чоогуу жаткым келбейт мажбурлайт эмнеге уйлонгонго чейин алар жакшы анан зоокур?
0
akrosa
2013-04-30 21:16:52
adimedi, жаман журокту оорутасынарго ким жолдошун анчалык кыйын болгудай
эмнеге жакшы балдарды тандабайсынар аларды тоготпойсунра анан ушинтип ар нерсени жазбагылачы
эмнеден коркуп жашайсын тан калам мага айтчы жолдошунду эки уруп опкосун узуп салам
бирок эртеси экоон колтукташып жапжакшына болуп баратсанар мен озум уят болуп каламда
ошол учун кечир
0
nur.kg.ak
2013-05-03 16:33:56
adimedi, жараткандан ыймсюан инсап тилениз байруса баары жакшы блуп кетет.
0
nurikkg1
2013-04-30 22:14:01
аяалында куноо жок
0
evilnot
2013-04-30 22:35:13
Бардык кыргыз алкаш жана наркомандарды жашына карабай геноцид кылып жок кылып тышташ керек.
Анткени озулору да зыян кылат алардан торолгон балдар жана тарбия алган балдар да ошондой болушу мумкун. Наркоман жана алкаш деген мусорлор.
0
chingizraimkulov
2013-05-02 05:06:00
мандайына жазылганы ошол чыгар
0
jyldyz.25
2013-05-02 10:49:07
арактын арты эмне менен бутоорун билип туруп ичпегилечи кыргыз элим!
0
nur.kg.ak
2013-05-03 16:35:55
ушул аракты чыгарган адамдарды олтуруш керек негизи.
0
rozka
2013-05-04 10:26:32
Аракты ичкендер ооруп калышкан да аларга эч нерсенин кереги жок бир жинди сууну ичсе болду балдары дагы коздоруно корунбойт
0
adimedi
2013-05-04 23:05:39
arkosa жогоруда жазгандай уйлонгучо баары жакшы кийин эле очок буулатканда чыныгы мунозу чыга келет суйлошуп суйушуп уйлонгонбуз баары бактылуу тынч омур сургусу келет мен да ошондой ой мн турмушка чыккам бул жолдошума. тилекке каршы адам баласы мин кубулуп озгоруп турат экен. Апамды бир туугандарымды уятка калтырбайын деп жашап келем куйоомдун ачуусунан оор муштумунан корком апам кыжалат болбосун деп арманымды эч кимге айтпай келем кайын журтум эркекке баш ийип чыдап жашаш керек дейт
0
altinim
2013-05-05 00:08:26
adimedi, окунчтуу кыргыздын копчулук кыз келиндери ушинтипле жашап атышат менин оюмча лолулорго окшоп баратабыз , никеде эркек киши эмес аял кишилерибиз тиричиликтин ала куржунун мойнуна алып калышууда уй булосун жаркылдатып койуп ичсе бир жон зоокурлор
0
adimedi
2013-05-04 23:08:31
nur.kg.ak рахмат бассам да турсам да жараткандан ошонун баарын сурайм жолдошумдун онолушун, баламдын ден соолугун бир туугандарымдын амандыгын бир кун болсо мени угуп тилегиме жетермин
0
nurik-mirrza84
2013-05-05 21:09:10
Аракты чыгарган адамдарга эми кеч калдык жазалоого ичкен адамга чоон психикалык жактан мээсине жете турган бир чечим чыгарыш керек эгер келечекти ойлосок а бул ишта болоору болду айялына сабыр
0
№ 547, 26-апрель-2-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан